Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

ОЛИМПИАДАЛЫК ДАЯРДОО БОРБОРУ МАМЛЕКЕТТИН ЖАРДАМЫНА МУКТАЖ


Кабылбек Макешов. Бишкек Азыр Олимпиадалык даярдоо борборунда спорттун 11 түрү боюнча 161 спортсмен машыгып, чеберчилигин жогорулатып жатат. Бул борбордон таалим-тарбия алгандар быйыл Пусанда өткөн 14-чү Азиялык Оюндарда Кыргызстандын атын таанытканы спорт күйөрмандарына маалым.

Кыргызстандын Олимпиадалык даярдоо борбору жөнүндө болмокчу. 1961-жылы Кыргыз жергесиндеги республикалык жаштардын спорттук чеберчилик мектеби түрүндө түзүлгөн. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Азия оюндарына, олимпиадалык оюндарга өз туусун көтөрүп барып, улуттук команда катары намыс талаша баштагандан бери 1995-жылы бул мектеп Олимпиадалык даярдоо борбору деп аталып калды.

1962-жылы спорттук 18 түрүнөн бөлүмдөр болсо, 1965-жылы анын саны 24кө жетсе, кийин шартка жараша 13-11 түрүнөн мыктыларды даярдап жүрөт.

Азыр Олимпиадалык даярдоо борборунда спорттун 11 түрү боюнча 161 спортсмен машыгып, чеберчилигин жогорулатып жатат. Бул борбордон таалим-тарбия алгандар быйыл Пусанда өткөн 14-чү Азиялык оюндарда Кыргызстандын атын таанытканы спорт күйөрмандарына маалым.

Эми жаңы жылда Афины Олимпиадасына катышууга укук, жолдомо алыш үчүн эл аралык мелдештерге, Азия, дүйнө чемпионаттарына спортсмендерди жиберип, сыноодон өткөрүүсү шарт. Ошон үчүн бул максаттарга жетүүгө каражат маселеси кендирди кесип жатат. 2002-жылы спортсмендердин даярдыгына, мелдештерге баруусуна, жабдууларына 2 млн. сом каражат бөлүнгөн. Ошол каражат да учурунда колго тийбей, чеберчилик аксап калды. Буга карабай Азия оюндарында спортсмендер каармандык көрсөттү. Атланта Олимпиадасына 32 спортсмен барып, 5-6-орундарга жетсе, Сиднейде 60 тан ашык өкүл барып, дзюдочу Айдин Смагулов коло байге жеңген эле. Эми Афины Олимпиадасына 40тан ашык спортсмен жолдомо жеңип алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Эң негизгиси, ошол жөндөмдүү спортсмендерди учурунда эл аралык, азиялык, дүйнөлүк мелдештерге жиберип, даярдыгына шарт түзүү керек. Улам кийинки Олимпиадаларда ийгилик болуп жаткандыктан, Афиныда Кыргызстанды дүйнөгө танытууга дилгир жаштар бар. Марага чабылган күлүктөрдү сүрөөнгө алып тургандай, аларга шарт түзүү гана зарыл. Себеби, январь-февраль айына белгиленген мелдештерге Кыргызстандын финансы министрлиги каражат бөлө элек.

Бул жөнүндө Олимпиадалык даярдоо борборунун директору, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Руслан Искенов «каражат маселеси чечилбей, кыйналып турабыз. 45 спортсмен Афины Олимпиадасына жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар. Аларга шарт түзүп берүү керек» дейт.

Жакшы, эл аралык таланттарга жооп берген жабдуулар да ийгиликке эгедер болот. Мисалы, мылтык, ок атуу спортунан Кыргызстьандын командасы 10 жылдан бери курал-жарактарын жаңылай элек. Мурдакы мылтык, тапанчалардын сабы жешилип, таамай тийбей калды. Бир тапанчаны 1,5 – 2,5 миң Америка долларына алууга болот. Ал эми жакшы эл аралык талапка жооп берген велосипеддин баасы 4-5 миң долларга барабар. Ошондой эле спорттун азыркы беш түрү боюнча спортсмендердин ар биринин жабдуусу эле 1-2 миң долларды түзөт.

Мына ушундай жабдууларды алууга Олимпиадалык борборго каражат бөлүнбөй, улам кийинкиге калтырылып келатат. Бул дагы спортсмендердин чеберчилигине терс таасирин тийгизип жатат.

Ошону менен бирге Олимпиадалык даярдоо борборунун өзүнө тиешелүү бир дагы спорт базасы, залы, имараты жок. Арендага алып пайдаланган спорт базалары дагы учур талабына жооп бербейт. Ысык-Көлдүн жээгинде Олимпиадалык даярдоо борборунун базасы болгондо, спортсмендердин чеберчилиги дагы өсмөк. Бул маселе 10 жылдан бери чечилбей келатат. Коңшу Казакстан өлкөсү Ысык-Көлдө Олимпиадалык даярдоо борборун куруп жатат. Эгерде Кыргызстандын Олимпиадалык даярдоо борбору Ысык-Көлдө болсо, өзүн 2-3-жылда актамак. Себеби, биргелешип Ысык-Көлдө машыгууну Балтика жээгиндеги өлкөлөр, Араб мамлекеттери да, Азия өлкөлөрү да каалап турушат. Белорусия, Польша өлкөлөрүнүн спорт адистери да Ысык-Көлдөгү ыңгайлуу жагдайга кызыкдар болууда.
XS
SM
MD
LG