Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

«КАРА-КУЛЖАДАГЫ ШАЙЛООДО БИЙЛИК АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУРС КОЛДОНГОН ЖОК», ДЕЙТ ОШ ГУБЕРНАТОРУ


Кожогелди Култегин, Ош Ош губернатору Накен Касиевдин айтымында, областтагы талаш жүргөн шайлоо округдарында шайлоо өткөрүүдөн башка жол жок, бирок анын качан болоору белгисиз.

- Накен Касиевич, быйыл күзгө таяп калган кезде сиздин «Слово Кыргызстана» гезитине бир интервьюңуз жарыяланып, ал интервью «Ошто Багдаддагыдай бейкуттук» деп аталды эле. Бирок андан көп өтпөй Ошто саясий талаш-тартыш, чыр-чатак кескин күчөп кетти. Ош азыр пикет, митинг, жүрүштөрдүн мекени болуп турат.

- Саясий экономикалык абалыбыз мындай өйдө-ылдый болуп турган убакта, саясий кырдаал да ошондой өзгөрө берет. Себеби быйылкы күзүндөгү октябрь айында Жогорку Кеңешке болгон шайлоо биздин жергебизге бир топ түйшүктү салып кетти. Айрыкча аткаруу бийлигине, андан башка жалпы элге.

- Депутаттык шайлоонун жыйынтыгынын ушунчалык татаалдашып кетишине эмне себеп болду деп ойлойсуз?

- Аксы окуясынан кийин өзүңүз билесиз, жалпы эле түштүк жергесинде бир топ козголуу пайда болду. Аны бүгүн жок деп айтсак болбойт. Ага саясий окуялар түрткү болду. Натыйжада, шайлоо бир топ жогору курч мүнөздө өттү. Кээ бир саясатчылар бүгүнкү оор турмушту, бүгүнкү кыйынчылыкты эң башкы «козырь» катарында колго кармап, бийликти катуу сындашууда. Экинчиден, биздин оппозиция Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселелерин ашыгыраак курчутуп жиберди. Анын баары шайлоого таасирин тийизди.

- «Жергиликтүү бийликтер Үсөн Сыдыковдун депутат болуп өтүшүнө каршы иштешти эле, шайлоочулар аларга өчөшүп дагы Үсөн Сыдыковду жапырт колдоп кетишти» деген да пикирлер бар. Ага кандай карайсыз?

- Шайлоонун алдында, же болбосо шайлоонун убагында, мисалы, Кара-Кулжа округунда административдик күчтөр өзүнүн ресурстарын эч бир пайдаланган жок деп мен бүгүн ачык айта алам. Себеби эгер ошондой ресурстар пайдаланылып, аткаруу бийлиги катуу кийлигишип, бут тоскондо, мисалы, Үсөн Сыдыков 46 % добуш алалбайт эле да, туурабы? Себеби өзүңүзгө белгилүү, аткаруу бийлигинин өзүнчө күчү бар эмеспи.

- Үсөн Сыдыковдун талапкерлиги сот чечими менен шайлоодон алынып салынып, шайлоочулар ага каршы митинг, пикет, жүрүш уюштурганда, алардын талабын жөндөп көрдүңүзбү?

- Шайлоочулар менен мен көп жолу жолугуштум. Өзүңүз билесиз, алар Ошко келгенде, мен аларды эки, үч жерде кабыл алдым. Андан кийин Кара-Кулжага, Өзгөндө да барып жолуктум. Алар 46 % добуш берген адамдардын укугун коргошууда. «Шайлоочулардын саны 52 миң болчу. Алардын 46 % добуш берди. Ал эми калгандарынын кызыкчылыгы кайда?» деп жооп бердим.

- Адегенде, ошол Үсөн Сыдыковдун жактоочулары «биздин ой-мүдөөбүздү губернатор Накен Касиев президенттке түздөн-түз, бетме-бет олтуруп айтып берем деген» деп, маселени алар каалагандай чечилишине бир топ күн үмүтөтүп күтүп жүрүшкөн эле.

- Эми өзүңүз билесиз, президент мен аркылуу региондо болуп жаткан иштер тууралуу толугу менен информация алып турат.

- Кийинчерээк, тактап айтканда биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов шайлоочулар менен Мырзакеде жолугушканда, айрымдар «эмне үчүн сиз менен губернатор Накен Касиев кошо келбейт, эмне үчүн ал соңку кездерде бизден боюн ала качып атат?» деп кайта-кайта сурашкан эле.

- Ошонун алдында мен барып Өзгөндө, анан Кара-Кулжада шайлоочулардын жетекчилери менен жолуккан элем. Анан ал кишилер «биз Кара-Кулжадан чыккан мамлекеттик жетекчилер меннен жолуксак» деген чечим кабыл алышкан. Кат жазып, токтом келип, натыйжада, биз жашырынбай эле, бойду ала качпай эле К. Осмонов, Башкы Прокурордун биринчи орун басары К. Абдиев мырза, ага чейин Жээнбеков Сооронбай мырзалар эл менен жолугушуп келдик.

- Накен Касиевич, депутаттык шайлоо жараяны Оштогу эки округда, № 33 Кара-Кулжа шайлоо округунда жана № 35 «Ош-3000» шайлоо округунда өтөбү, уланабы? Губернатор катары сөзүңүздү айтсаңыз.

- Бүгүнкү курч кырдаалды, саясий кырдаалды эске алып, Борбордук Шайлоо Комиссиясы убактылуу шайлоонун экинчи этабын кийинки мөөнөттөргө калтырды. Шайлоонун болушуна менин толугу менен көзүм жетет, башка жол жок. Шайлоо өтүш керек, бирок качан, кайсы мөөнөттө, кайсы мезгилде өтөөрүн Борбордук Шайлоо Комиссиясы чечет.
XS
SM
MD
LG