Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАНДЫН АР ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШТЫГЫ КАЙРАДАН ЖАНДАНМАК БОЛДУ


12-декабрда Бишкекте кыргыз–тажик өкмөт аралык комиссиянын үчүнчү жыйыны болуп өттү. Ага Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов, Тажикстан тараптан Ходжа Акбар Тураджанзода баш болгон делегациялар катышышты.

Кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиянын бул жолку жыйынынын негизги жыйынтыгы эки өлкөнүн кызматташуусунун комплекстүү маселелери тууралуу Протоколго жана илим жана техника тармагында кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюу болду. Ондон ашык пункттан турган Протоколдо эки өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарды, автомобилдик жана темир жолдорду биргелешип пайдалануу, аскерий-техникалык жактан кызматташуу, чек араны делимитациялоо, демаркациялоо иштерин жандандыруу жана чек ара тилкесиндеги бажы жана чек ара постторун жөнгө салуу маселелери белгиленди. Булардын ичинен негизги көнүл эки өлкөнүн чек арасында мыйзамга каршы орнотулуп, Таджикстандын Согди, Кыргызстандын Баткен областтарынын калкын бейпайга салып жаткан бажы жана чек ара постторун жоюуга бурулду жана Протоколдо бул маселе бир айдын ичинде териштирилип, жергиликтүү бийлик тарабынан коюлган посттор алынсын деп көрсөтүлдү. Ал тууралуу Таджикстандын премьер-министринин биринчи орун басары Тураджонзоде Акбар «бул маселе боюнча биз өкмөттөр аралык келишимге каршы түзүлгөн бажы постторун алынсын деп чечтик жана жарандардын бир жактан экинчи жакка өтүүсүн жеңилдетүү чечимине келдик. Андан тышкары, биз уруксаат берүү деген тоскоолдуктарды жоюп, жарандарды да, азык-түлүктөрдү алып өтүүнү да жеңилдетели деп жатабыз», деп билдирди.

Комиссия жыйынында дагы бир орчундуу маселе - Кыргызстандан Кытайга жана Афганистанга чыгуучу жолдорду биргелешип пайдалануу маселеси болду. Комиссия келген чечим тууралуу Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министринин орун басары Айзат Ажикеев «биз биргелешип тажик жүргүнчүлөрү болобу же жүк ташуучу унаа болобу биздин Ош-Эркечтам жолу менен Кытайга чыгуусу боюнча, андан ары Сары-Таш-Карамык жолу менен Афганистанга чыгуусу боюнча келишимге келдик. Андан тышкары Доорот-Коргон-Үч-Коргон, Ош-Исфана жолдору боюнча, бардыгы беш позицияда жолдорду биргелешип пайдаланып, биргелешип оңдоо боюнча бир чечим кабыл алдык», деп билдирди. Жыйында эки тараптын тең көңүлүндө турган дагы бир маанилүү маселе экономикалык кызматташууну жандандырып, эки өлкөнүн өнөр жай ишканаларына зарыл каражат жана жабдуу берүү маселеси болду. Маселен, Кыргызстан Кадамжай сурьма, Хайдаркан сымап комбинаттарына Таджикстандын Азноб комбинатынын концентраты зарыл экендигин билдирип, бирок, аны мурда алып жүргөндөй бир тоннасын 420 доллардан алууну сунуш кылды. Таджикстан буга көнбөй тоннасын 650-700 доллардан гана берүүгө макул болду. Ал тууралуу Евразия Экономикалык Кызматташтык Уюмунун аткаруу комитетинин вице-премьер даражасындагы мүчөсү Базарбай Мамбетов түшүндүрдү. «Сентябрь,октябрь айларында дүйнөдөгү коньюктура өзгөрүп, ал концентраттардын баасы 650-700 долларга чыгып кетиптир. Ага жараша сымап менен сурьманын баасы дагы көтөрүлгөн экен. Ошого карата дүйнөлүк коньюктура ошондой болсо биз дагы 650-700 доллар баасында алууга макулбуз дедик. Биздин комбинаттар дагы алууга макул болушту», деди Базарбай Мамбетов.

Комиссия Кыргызстан менен Таджикстандын ортосундагы кызматташууга өзгөчө таасир бере турган Исфара-Хаджибакир-Гансай сууларын биргелешип пайдалануу маселесин эки тараптын өкүлдөрү, анын ичинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кирген комиссия түзүп аныкталсын жана өкмөттүн кароосуна коюулсун, энергияны болсо Таджикстан Кыргызстанга жайында, Кыргызстан Таджикстанга кышында берсин жана анын көлөмүн мурдагы макулдашууда көрсөтүлгөн 100 миллион килловатт-сааттан да көбөйтүү каралсын деген чечимге келди. Ал эми аскерий кызматташууну жандандыруу үчүн эки тараптын өкүлдөрү кирген комиссия эмки жылдын башында Кыргызстандын аскерий техника чыгарган ишканаларын карап туруп, керектүү жабдууларды аныктасын деп чечти. Ал эми кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоону эки тараптын комиссиясы 23-декабрдан баштап Бишкекте талкууламай болду. Муну менен беш жылдан бери кызматташпай калган кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссия кайрадан ишке киришти.
XS
SM
MD
LG