Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА


Аманбек Дилденбай, Бишкек

«Моя столица» гезитинин шейшембидеги санында журналист Рина Приживойттун «Оймоктогу оюн» аттуу макаласы жарык көрдү. Макалада, жакында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болоору жазылып, жыйында «Ак Үйдөгү» бир катар атка минерлер кызмат орундарынан ажырап, өкмөт башчысы Николай Танаев кызматынан кетип, анын ордуна Накен Касиевдин келээри, ал эми депутат Каныбек Иманалиев мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун кызмат ордун ээлери жөнүндө божомолдор айтылат. Ушул эле басылмада «Бител» компаниясынын юридикалык кызматынын жетекчиси Ренат Медетбековдун Кыргыз Республикасынын Арбитраждык Сотуна ишеним көрсөтпөө тууралуу көлөмдүү билдирүүсү жарыяланды. Ошондой эле «Моя столицада» Орусиянын эки ИЛ-62 учагына «Манас» аэропортунан куюлган жанармайлар эл аралык стандартка жооп берээрин, кылдат текшерүүдөн кийин орус эксперттери далилдегени маалымдалган.

Шейшембидеги «Кыргыз Ордо» гезитинде журналист Жылкычы Жапиевдин «Түштүктөн кийин Кыргызстанда Чүй бөлүнөбү?» аттуу макаласында, Кыргызстандагы эл арасындагы бөлүнүп-жарылууну, «Түндүк–Түштүк» ажырымына бийлик өзү, «Ак үй» идеологдору чагым салып кайраштырууда деп эсептейт. «Бийлик Чүйдүн батышын чыгышына каршы коюу аракети менен алектене баштады», деп жазат автор. Гезиттин ушул эле санында депутат Исмаил Исаков менен кеңири маекке орун берилген. Исмаил Исаков маегинде, мамлекет башчысы АскарАкаевдин ага карата айткан дооматын негизсиз жалаа катарында карап, Баткен согушундагы баш-аламандыктын башкы себебин ачып берүүгө аракеттенген. Ушул эле басылмада журналист Мамат Бостондун «Мен эч качан,эч кимге кошомат кылган жан эмесмин» аттуу темадагы Үсөн Сыдыков менен болгон маегине орун берилген. Анда Үсөн Сыдыков жооптуу кызматтарда иштеп жүргөн учурундагы окуяларды айтып берип, Кара–Кулжа шайлоо округундагы өзүнө карата бут тосуулар тууралуу пикирин билдирген.

Шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде 11-декабрдагы Бишкекте өткөн Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны жана андагы иш-чаралар тууралуу «Жалпы максат - бирдиктүү позиция» аттуу Сидоровдун макаласы жарык көрдү. Ошондой эле, басылмада Терековдун «Эл кызматчысынын үч өңүтү» аттуу макаласы басылып, анда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун жубайы Тыныбекова Светлана Токтосуновнанын соода-сатык, коммерциялык иштери жана алардын үй-бүлөсүнө тиешелүү 14 коммерциялык фирманын финансылык тартип бузуулары тууралуу жазылган.

«Общественний рейтинг» гезитинин шейшембидеги санында «Ат жалында маек» рубрикасы жарык көрдү. Анда депутаттар Исхак Масалиев, Давран Сабиров, Эл аралык «Мир» телекомпаниясынын башчысы Закон Күрүчбеков ж.б.адамдар, Бишкек жана Ош шаардык кенештеринин митинг, пикет тууралуу чечимдери, аскерге чакырылуучулардын 25 миң сом төлөөгө милдеттүү болушуна карата ой-пикирлерин билдирген.

Басылмада, Францияда чыгуучу «Ла Либератион» гезити жарыялаган журналистик иликтөөгө да орун берилген.Анда Франциялык журналист Жерара Дьеза Кыргызстандан Араб Эмиратына сатылып кеткен кыргыз кыз-келиндеринин кейиштүү тагдыры жөнүндө жазат. 4000 миңге жакын кыргыз кыздары Түштүк Корея, Түркия, Кытай мамлекеттерине далдалчыладын алдоосу менен барып, акчага сатылып кеткендиги тууралуу макалада кеңири сөз болот. Шейшембиде басмадан чыккан «Вечерний Бишкек» гезитине республиканын тышкы иштер министири Аскар Айтматовдун Кытай Эл Республикасындагы расмий иш сапары тууралуу макалага орун берилген. Ал эми «Оппозиция талаш-тартышка тартылып кетти» аттуу Асел Оторбаеванын макаласында оппозициялык маанайдагы саясатчылардын жана басма сөз каражаттарынын аша чапма аракеттери тууралуу баяндалат.
XS
SM
MD
LG