Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:37

АКЦИЗ ТӨЛӨНБӨГӨН АВИАКЕРОСИН КЫРГЫЗСТАНДЫ ИРИ ЗЫЯНГА КИРИПТЕР КЫЛУУДА


«Кыргызстан күйүүчү майлар менен өзүн толук камсыз кыла албайт. Ошондуктан мунайзат продукциясынын 80% ашууну сырттан алынып келинет жана алардын бардык түрүнө мыйзам менен акциз салыгы салынган. Бирок өкмөт бул мыйзамды аткарбагандан мамлекетке жүз миллиондогон сом зыян келүүдө деп билдирүүдө депутаттар.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Александр Карпасовдун эсеби боюнча, Кыргызстандын бюджети быйылкы жылы бензин контрабандасынан 500 млн. сомдун тегерегинде, авиакеросинге акциз салыгынын төлөнбөгөнүнөн 460 млн. сом жоготту. А.Карпасовдун айтымында, «быйыл Кыргызстанга 100 миң тоннадан көбүрөөк керосин алып келинген. Бирок ар кандай конвенция, эркин экономикалык аймактар аркылуу реэкспорт деген шылтоолор менен бюджетке бир тыйын да төлөнгөн эмес. Бюджет андан 460 млн. сом зыян тарткан. Ал эми бензин контрабандасынан түшпөй калган акчага муну кошкондо, жалпысы бюджетке 1 миллиард сомго жакын акча түшпөй калууда. Өкмөт жана финансы министрлиги бул багытта эмне үчүн күрөш жүргүзбөйт? Бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга эмнеге аракет кылбайт? Мен үчүн түшүнүксүз», дейт Карпасов. Анын маалыматы боюнча Кыргызстанга авиакеросин алып кирүүгө эки фирма укук алган. Алар «Аалам сервиз» жана «Манас интернешл» фирмалары.

Президент Аскар Акаев британиялык «Файненшл таймс» гезитине жай айларынын этегинде берген интервьюсунда күйөө баласы авиакеросин менен менен Кыргызстанда иш жүргүзөөрүн билдирген.

Финансы министри Болот Абильдаев авиакеросинден акциз салыгы алынбаганын Бажы Кодексинин эрежелери менен түшүндүрдү. «Авиакеросинге ( 1 тоннага) 2 миң сом акциздик салык киргизилген. Андан акча түшүш керек эле. Бирок биздин Бажы кодексинин 99 жана 100 пунктунда реэкспорт жөнүндө айтылган. Анда баары так жазылган. Салык төлөөчү же тышкы экономикалык иш жүргүзүүчү субьект биздин чек арадан өз товарынын көлөмүн көрсөтүп алып өткөндө, ал реэкспорт режиминде иштээрин көрсөтсө, анда бардык салыктардардан бошотулат. Ошондуктан быйыл бизге алынып келинген керосин салыктан бошотулган»,-дейт Болот Абильдаев.

Ал эми депутат Александар Карпасов Кыргызстанга авиакеросин алып кирип жаткан эки фирма эч кандай реэкспорт менен алектенбейт, башкача айтканда, бир өлкөнүн аймагы аркылуу авиакеросинди үчүнчү өлкөгө алып чыкпай жатат дейт. «Менин оюмча - реэкспорт деген бул жерге алып келип, андан кийин башка мамлекетке жөнөтүү. Бизде эч жака жөнөтүлбөйт. Ушул жерде учактарга куйулат. Бул реэкспорт эмес», дейт Карпасов.

«Биз мындай деп гана айта алабыз. Биз авиакеросинге акциз киргизгенбиз. Эмне үчүн алынбай жатат? Аны өкмөт сурашыңар керек. Мыйзам боюнча акцизди киргизгенбиз», дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын салык жана бажы төлөмдөрү боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Парламент мыйзам түрүндө авиакеросинге акциз салыгын киргизгенине карабай, андан өкмөттүн салык албай коюшун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшее коррупция менен түшүндүрөт. «Менчиктештирүүнүн кесепеттери ушул жактан келүүдө. Анын негизинде коррупция келип чыгууда. Эми бул керосинди ташып келип берип аткан ишкананын адресин эч ким толук айтпай жатат. Гезиттерге чыгып жатат. Аны өзүңүздөр билесиздер. Ошондуктан бул коррупциянын бир түрү. Ошонун негизинде биздин Кыргызстанга акча түшпөй калган», дейт Дүйшеев. Ал эми «финансы министрлиги эмне себептен авиакеросинден акциз салыгын жыйнай албайт?», деген суроого Орозбек Дүйшеев «эми коррупцияны түшүнүп атпайсыңарбы.Бирөөнүн кол алдында болгондон кийин коркот, колунан келбейт. Ошон үчүн ала албайт. Ошон үчүн коррупция дейбиз. Мына буга окшогон ишканалар бизде көп»,-деп жооп берди.

Депутат Акылбек Жапаровдун айтымы боюнча, мындай мыйзам бузуулар бүгүн эмес келечекте өз баасын, жазасын алат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG