АКСЫ. 16-декабда Аксы районда маалымат жыйыны өткөрүлдү. Маалымат жыйынында Аксы окуясынан кийин районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы, районго берилген өкмөттүк жана чет өлкөлүк жардамдар ортого салынды. Акимдин биринчи орун басары Кыдыралиев азык-түлүк, курулуш материалдар, накталай акча, түрдүү кызмат көрсөтүүлөр түрүндө алынган 77 млн. сомдун кайда жумшалгандыгын эсептеп берип, Беш-Батман каналын куруу эмдиги жылга белгиленгендигин айтып өттү. Март айында курман болгондордун ата-энелери соттун качан болоорун сурашып, процессти Кербен кыштагында өткөрүүнү өтүнүштү. Аким Эгембердиев жабырлануучулардын талабын тиешелүү уюмдарга жеткирээрин билдирди.
Ырысбай Абдраимов