Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Үсөн Сыдыковдун жактоочулары нааразылык акцияларын улантышууда.


Бакыт Аманбаев

ӨЗГӨН. № 33 Кара-Кулжа шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоонун экинчи туруна катышуу укугунан четтетилген депутаттыкка талапкер Үсөн Сыдыковдун 300гө жакын жактоочулары Ош областынын Өзгөн районундагы Мырзаке айлында жыйын өткөрүп, республиканын жогорку бийлик жетекчилерине сегиз пункттан тураган кайрылуу кабыл алышты. Өткөн ишемби күнү өткөн бул жыйынга Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Адахан Мадумаров катышып, аталган райондогу шайлоонун жүрүшүн иликтеген депутаттык комиссиянын иши тууралуу шайлоочуларга маалымат берген. Отурумдун соңунда шайлоочулар, Ү. Сыдыковду шайлоонун экинчи туруна катыштыруу, «Кыргыз Ордо», «Моя столица» газеталарына карата бийликтин кысымын токтотууну талап кылышып, А. Акаевдин соңку мезгилдери дубандарга барган сөзүндө оппозиция өкүлдөрүн карата айткан пикирлерине наарызылыктарын билдиришкен. Ошондой эле алар, эгерде талаптары аткарылбаса, 25-декабрда нааразылык акциясына чыга тургандыктарын эскертишкен. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Ү. Сыдыковдун Кара-Кулжа районундагы ишенимдүү адамы Абдыкадыр Тургунбаев малымдады. Мындай кабарды Өзгөн районунун акимчилигинен тастыкташты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG