Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Аксы окуясы боюнча айыпталган жаткан жети адамдын ишин Ош аскер соту Майлуу-Суу шаарында карамак болду.


БИШКЕК. Ушул жылдын 17-18-мартында болгон Аксы окуясы боюнча айыпталганы жаткан жети адамдын ишин Ош аскер соту 24-декабрда Майлуу-Суу шаарында карап баштайт. Мындай маалымат 16-декабрда Ош аскер сотунун төрагасы Бакыт Арабаевден алынды. Анын маалыматына караганда, жети адамга ачылган кылмыш иши сотко 12-декабрда берилген. Кыргызстандын Кылмыш-Процессуалдык Кодексинин талабына ылайык сот аны менен 14 күндүн ичинде таанышып чыккандан кийин кароого киришет. Аскер сотунун төрагасынын айтымында, Башкы Прокуратуранын кайра тергөөсүнөн өткөн иш менен айыпталуучулар, алардын ичинде Жалал-Абад областынын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов таанышып чыгышты. Ал эми депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, кайрадан тергөө учурунда тартип коргоо органынын төрт өкүлүнө жана Аксы районунун мурдагы акимине карата Кылмыш-Жаза Кодексинин 305-беренеси боюнча коюлган айып 148-берене менен алмаштырылды жана сот аларга жаза бергенден кийин мунапыс алууга укуктуу болушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG