Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

КЫРГЫЗ ТОКОЮНУН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Кыргызстандын жалпы аянтынын 4,3 % жакынын токой ээлейт. Швейцарияда бул көрсөткүч 34% ашуунду түзөт. Экономикалык оорчулуктун орду толгус жоготуусун ушу тапта кыргыз токою тартып жатат.

Кыргызстандын экинчи Швейцария болуу демилгеси негизинен Европа өлкөлөрүндө колдо таап, соңку жылдары тармакка Швейцария менен Италия ишкерлери көңүл бурушууда. Анткен менен кыргыз токоюнун бүгүнкү абалы көңүл жылытарлык деп айтыш кыйын. Элет жеринин экономикалык кыйынчылыкка капталышы токойлордун болочогун арсар абалга алып келген олуттуу проблемага айланууда. Жаңыдан түзүлгөн кыргыз токой кызматынын жаңгак токою башкармалыгынын жетекчиси Майрамбек Алиевдин пикиринче, отун-суудан мукураган калктын токойду кыюуга өтүшү оор турмуштун айынан чыккан аргасыз абалга байланыштуу.

Өткөн жылдын ноябрында кайрадан түзүлгөн Кыргызстандын токой кызматы ушу тапта мурунку колхоз-совхоздордун менчигинде эсептелинип, алар таркагандан кийин кароосуз калган токой тилкелерин сактоо, токойду кыйгас кыюудан коргоо амалында атайын өкмөттүк токтом даярдаган. Өткөн жылдын июнь айында кабылданган өкмөттүк токтомго ылайык токойду сактоого жергиликтүү калк өзү катышуусу зарыл. «Жаңгак токоюнун кендирин кескен дагы бир олуттуу проблема - жаңгактын уюлун чет элдик ишкерлерге арзан баада сатуу проблемасы дагыле жөндөлө элек» дейт Майрамбек Алиев.

Жаңгак токоюндагы кайталангыс биоартүрдүүлүктү түзгөн жапайы алчаларды малак курт басып, алар тегиз куурай башташты. Мамлекеттен колдоо алалбай экономикалык оорчулуктан бели майышкан токой чарбаларынын илдетке чалдыккан токой аянттарынын дарылоо мүмкүнчүлүгү жок.

Кыргызстандын токоюн сактоо, аны жок кылбай, баштагы калыбына келтирүү аракети азырынча сөз жүзүндө гана жүрүүдө. Токойду калыбына келтирүүгө жергиликтүү калкты тартуу азырынча олуттуу натыйжа алып келе элек. Көпчүлүк эл токой байлыгын алып, аны калыбына келтирүүгө чындап аракет жасай элек. Ошондон улам токой аянттарын 2-3 жылдан 49 жылга чейин ижарага берүүнүн натыйжасы кандай болору азырынча бүдөмүк. Кыргыз токою чет элдик адистердин кеңеши менен кезектеги экспериментке салынууда. Андан токой жабыр тартабы же баштагы калыбына келеби – аны мезгил көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG