Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

НОБЕЛ ТЫНЧТЫК СЫЙЛЫГЫНЫН ЭЭСИ ЖИММИ КАРТЕР СОГУШКА КАРШЫ


Быйылкы Нобел тынчтык сыйлыгы АКШнын мурдагы президенти Жимми Картерге ыйгарылды. Шейшембиде Норвегиянын ордосу Осло шаарында Нобел сыйлыгын алып жатып, Картер мырза дүйнө коомчулугун жана АКШ өкмөтүн бардык олуттуу маселелерди тынчтык жолу менен гана чечүүгө чакырды.

АКШнын тарыхындагы 39-президент, жетимиш алты жаштагы Жимми Картер Осло шаарында 10-декабрда өткөн салтанаттуу жыйында Нобел тынчтык сыйлыгын алып жатып, расмий Вашингтонду массалык кыргынга алып келчү согушту болтурбоо үчүн делген шылтоо менен Иракка каршы согуш ачпоого чакырды: “Азыркы тапта жер жүзүндө бери дегенде эле сегиз мамлекет өзөктүк куралга ээ экенин биз эске алууга тийишпиз. Алардын ичинен эл аралык олуттуу чыңалууга туш болуп жаткан аймактарда жайгашкан үч мамлекет өз коңшуларына коркунуч келтирип турат. Ошондуктан, кубаттуу мамлекеттер согуш болтурбоочу уруш принцибин кабыл алчу болсо, анда бул өрнөк кыйсыпыр түшүрчү кырдаалга кептеши ыктымал”.

Жимми Картердин оюнча, эч бир согуш дурус жыйынтыкка алып келе албайт. Ал түгүл зарылчылыктан келип чыкты делчү согуштар да алаамат отун бүркөт, ошондуктан адамзаттын башкы мүдөөсү – согушту болтурбоо жолу менен тиричилик өткөрүүгө үйрөнүү жана жетишүү, - дейт Картер.

Быйылкы Нобел тынчтык сыйлыгынын мурдагы АКШ президентине ыйгарылышынын себептеринин бири – АКШнын азыркы мамлекет башчысы, 43-президент Жорж Уокер Буштун Иракка каршы согуш ачуу ниетине карата эл аралык коомчулуктун нааразылыгы. Бул ойду эки ай мурда Норвегиялык Нобел комитетинин төрагасы Гуннар Берге мындайча таасын билдирген: “Азыркы күч колдонуу коркунучу кырдаалында бардык эле жаңжалды эл аралык мыйзамга, адам укуктарын кадырлоого жана экономикалык өнүгүүнү көңүлдө тутууга негизденүү менен, мүмкүн болушунча, арачылык жана эл аралык кызматташтык аркылуу чечүү принцибин Картер мырза жан дили менен коргоп келди”.

Берге мырза быйылкы сыйлыктын Картерге ыйгарылышы Буштун өкмөтүнө карата сын пикир катары кабыл алынышы керектигин да кошумчалаган.

Жимми Картер сыйлыктын өзүнө ыйгарылышын жеке керт башы үчүн эмес, Картер Чордону аттуу уюмда жана башка жайларда эмгектенген нечендеген тилектештеринин эмгеги үчүн жалпы сыйлык катары баалаарын айтты. Ал дүйнөнүн бардык диндеринин өкүлдөрү жана коомдук ишмерлери тынчтык үчүн, зомбулуктун бардык түрлөрүнө чек коюу үчүн кызматташууга тийиш деп эсептейт.

Жимми Картер Жакынкы Чыгыш маселесине да токтолуп, Израилди басып алынган жерлерди араб өлкөлөрүнө кайтарууга чакырды: “1978-жылкы Кэмп-Дэвидде жана 1993-жылкы Ослодо өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө израилдиктер, мысырдыктар жана палестиндер тынчтыкка алып келчү жалгыз жолго колдоо көрсөтүшкөн: бул рецепт – Бириккен Улуттардын 242-номурдуу резолюциясы. Бул чечим жерди күч менен тартып алууну айыптайт жана Израилди басып алынган жерлерден чыгып кетүүгө чакырат. Резолюция израилдиктерге коңшулары менен бейпилдикте жана ынтымакта жашоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Эл аралык алакаларды мындан да мыктыраак чыңдап берчү башка эч нук жок”.

Бул сөздөрдүн ээси Жимми Картер Израил менен Мысырдын жетекчилеринин 1978-жылы АКШдагы Кэмп-Дэвид тынчтык келишимине кол коюшуна арачылык кылган АКШ президенти болчу. Ал келишим үчүн мысыр президенти Анвар Садат менен Израил премьери Менахем Бегин Нобел тынчтык сыйлыгын алышкан. 1896-жылы дүйнөдөн кайткан швед ишкери жана ойчулу Алфред Нобелдин керээзине ылайык негизделген Тынчтык сыйлыгы 1901-жылдан бери коомдук ишмерлерге ыйгарылып келет. Быйылкы сыйлык бир миллион АКШ долларына тете болду.

Ал эми экономика, медицина, физика, химия жана адабият тармактары боюнча Нобел сыйлыктары 10-декабрда, Алфред Нобел дүйнөдөн кайткан күнү, Швецияда өз ээлерине тапшырылды.
XS
SM
MD
LG