Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

КОЛУНАН КӨӨРҮ ТӨГҮЛГӨН ШАЙЫР


Чебер уста, музыкант Орозобай Кенчинбаев тууралуу очерк (уландысы).

Колунан көөрү төгүлгөн Орозобай мырза элдик чертме, какма, тартма музыкалык аспаптардын жаңы түркүмдөрүн чабуу, жасоо менен бирге үйлөмө чоорлордун түрлөрү (чопо, чогойно, ышкырык, балтыркан) чоорлорду, сыбызгы, сурнай, кернейдин, добулбастын, доолдун да добуштарынын бийиктиктерин таап, этнографиялык ансамблдерде, оркестрде ойнотулуучу жаңы түрлөрүн да өркүндөтөт. Ал тигил же бул ансамблдин, оркестрдин аспаптарынын тобун көбөйтүү, добуштарын байытуу максатында абалтан эле думаналардын аспабына айланган шайтан-шабырларды кууган жана өзүнүн келе жатканын кабардаган Аса таякка (Аса-Мусага) жезден түрдүү шылдырактарды жасап, аны башына тагып, өзүнчө бир ыргактуулуктуу берген жаңы музыкалык аспапты да жаратат. Элдик аспаптарды келтире чаап, келиштире ойногон Орозобай мырза 1967-жылдан тартып, Москвада, Сомалиде, Францияда, Якутияда, Италияда өткөн Бүткүл союздук, Эл аралык, дүйнөлүк сынактарга, фестивалдарга, көргөзмөлөргө чапкан жана жасаган музыкалык аспаптары менен катышат. Бир нече жолу ал баш байгелерди жеңип, лауреаттарынан болот. Кыргыз театр ишмерлер Союзу атактуу музыканттардын, адистердин катышуусундагы чечими менен Кенчинбаевге он эки музыкалык аспаптын автору деген күбөлүк берет. Кенчинбаевдин чапкан аспаптарынан «Камбаркан» баштаган «Шаттык», «Ак-Куу», «Боз салкын», «Керемет» аттуу таланттуу этнографиялык ансамблдер уюштурулат. Ошентип, кыргыздын элдик музыкасынын тарыхында алгачкы жолу улуттук этнографиялык ансамблдер жаралат.
Орозобай мырза «Камбаркан» ансамблинин уюштуруучусу, республиканын эмгек сиңирген артисти маркум Чалагыз Исабаев менен биргелешип, ансамблдин аспаптарын талыкпаган изденүүлөрдүн, тажабаган эмгектенүүлөрдүн аркасында жасаганын, ишке ашканын да айтып берди.
- Чопо чоор жасадык, буларды дагы тональностко киргиздик. Мурда тональносту жок болчу. Чопо чоор, жапайы гана ойноп жүргөн, үч-төрт ышкырык менен чыккан инструменттер болчу. Муну да кадимкидей оркестрге ылайыктап «ля» керек болсо «лясын» жасадык, «соль» керек болсо «солюн» жасадык, «си» керек болсо аны да жасадык. Баягы какма инструменттерди, добулбастарды тональностко киргиздик. Керектүү, тиешелүү тондорун бердик, анан жакшы ишке ашырып иштей баштады, дейт ал.
Он жылдан ашык убакыттан бери «Камбаркандын» аткаруусундагы чыгармалар кыргыз гана эмес америкалык, франциялык, кытайлык, жапониялык, түркиялык, германиялык жана башка ондогон чет өлкөлөрдүн угуучуларын да ырахатка бөлөдү.
- Орозобай мырза, кыргыздын, казактын элдик музыкалык аспаптарын чабуу менен бирге кыргыздын бүтүндөй кол өнөрчүлүгүнүн энциклопедиясы делген боз үйдүн бардык жыгач таштарын, ичиндеги бардык жабдууларын жасап калышыңызга эмне себепчи болду?
- Кийинки учурларда жаңы боз үй жасай баштадым. Мына Манастын 1000 жылдыгына карата чоң конкурс болду. Ушуга ким боз үйдү мыкты жасайт деген конкурс болду да. Оштон болсо эки этаж кылып, үч этаж кылып бөз үй жасашты. Таластан болсо 12 канат боз үй жасай баштады. Кадимкидей эле кыргыздын «типичный» үйүн жасап, жалынын киргизип, аябай мыкты кылып, кыргызда болгон буюмдарды ичине коюп, ал жерде эмне боз үйгө керек болсо ошонун баары коюуп жасадым. Жакшы болду. Мага гран-при ыйгарышты.
- Орозобай мырза! Баса, Таласта Эр Манастын миң жылдык салтанаты өтүп жатканда «Манас Ордо» комплексинде сүйлөгөн сөзүндө Президент Аскар Акаев «боз үй боюнча өткөрүлгөн сынакта баш байгени жеңип алган адамга «Эл сүрөтчүсү» деген наам кошо берилди» деп айтты эле. Сизге ал ардактуу наам берилгенби же жокпу?
- Мурда гезитке жарыяланган эң мыкты боз үйгө гран-приге Кыргыз Эл сүрөтчүсү деген наамды беребиз, анан кийин машина деген. Мунун ушунча миң кишинин арасынан Президент өзү катышкан, ошончо жүз миңдеген кишинин арасынан радио менен жарыяланган. Мындай боз үй гран-при алды, сыйлыгы бул, «Кыргыз Эл сүрөтчүсүн» беребиз деп айтылды да. Эми ошол айтылган сөз айтылган боюнча эле калып калды. Эч ким чуркап менин документимди даярдаган жок. Барып Указын алган эч ким жок. Указ чыгарган эч ким жок. Эмнеге ушул күнгө чейин берилбей келатат мен ушуну өзүм дагы таңданып жүрөм да. Мен кантип чуркайм? «Мага «Кыргыз Эл Сүрөтчүсүн» бергиле, баягыда айтылды эле эмнеге бербейсиңер», деп мен эч кимге барган жокмун. Анан өзүлөрү эле билип, Указын чыгарып берип койсо болот эле. Айтылган нерсе аткарылбай калганы туура болбой калып жатат да. Мен ушуга таарынычым бар. Айтылган нерсе жасалыш керек болчу», дейт, Орозобай мырза.
Ошол күндөн ушул күнгө чейин Президенттин айткан сөзү, берген убадасы аткарылбай келе жатса да Кенчинбаев кейибей кесибин өркүндөтүп, чет өлкөлөргө барып, кыргыз элинин ар-намысын коргоп, алкоолорго арзууда. 2000-жылы О. Кенчинбаев Италиядагы Бүткүл Дүйнөлүк «SOS - Киндердорф Интернациональ» балдар айылынын жайкы лагеринин борборуна «Мээрим» фондусунун төрайымы Майрам Акаева менен барып, Кутин Хельмут мырза менен таанышып, боз үйүн тигип, ар кыл аспаптарда күүлөрдү аткарып, Африка, Азия, Америка жана Европа өлкөлөрүнүн балдарынын алкоолоруна татыйт. Колунан көөрү төгүлгөн Орозобай Кенчинбаев алтымыш жашты аркаласа да жалындаган жаштык дем менен «Эл эмгектен тааныйт» деп, кесибин таштабай «Кызара жортсоң, агара бөртөсүң» болуп келүүдө.
XS
SM
MD
LG