Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН ЖАРЫМЫНАН КӨБҮ ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛДӨРҮ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Конституциялык Кеңештин ишмердигине байланыштуу, ошондой эле Баш Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн мындан аркы жол-жобосу тууралу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Курманбек Эргешович Осмонов менен маек.

- Курманбек Эргешович, мына 3-декабрда Ошто Аскар Акаевич активдер менен жолукканда, «оппозиция мен жасаган кадамдарга такыр оң жооп бербей атат. Эгерде ушундай кадамдарды жасай берсе, мындан ары мен Конституциялык Кеңешменин ишинде алар менен чогуу отурбайм» деген пикирин айтты. Мындан ары Конституциялык Кеңешменин иши кандай болушу мүмкүн?

- Конституциялык Кеңештин иши уланат мындан ары. Мына жалпы элдик талкууга коюлган мыйзам долбоору, талкуу мөөнөтү дагы бир айга узартылды. Бул эми келерки жылдын 2-январына чейин болмокчу. Андан кийин Конституциялык Кеңеш чогулуп туруп, жалпы элдик талкуу мезгилиндеги Кыргызстанда жашаган адамдардан, эмгек коллективдеринен келип түшкөн пикирлерди, сунуштарды жалпылаштырып, алардын баарын эске алууга аракет кылыш керек. Эми Конституциялык Кеңеште отуруп эле мыйзамдын долбоорун иштеп чыгып, Конституцияга мындай өзгөрүүлөр кирет деген бул бир башка. Экинчиси элдин, көпчүлүк калайык калктын сунуштарын эске алуу менен бул долбоорду кайра эле Конституциялык Кеңеш кайрадан иштеп чыгат го деп ойлоп атам. Азыр мындай сунуштар өтө көп келип атат, ачык айтканда гезиттин беттери да жетпей атат. Ошон үчүн блок-блок кылып сунуштардын баарысын жалпылаштырып, анан кийин Конституциялык Кеңеш акыркы мыйзам долбоорун даярдоодо. Ушулардын баарысы эске алынууга тийиш. Эми мына Конституциялык Кеңештин курамына өзүңүздөр билгендей дээрлик жарымынан көбү оппозиция өкүлдөрү. Мына Конституциялык Кеңештин ишине башынан аягына чейин биз катыштык, билебиз, дээрлик алар киргизген сунуш, пикирлер эске алынды. Консенсуска жетиштик, ошо мыйзам долбоорун иштеп чыкканда. Эми ал жерде бир нерсени айтып, анан кийин элге чыкканда такыр башка нерселерди айткан учурлар дагы болуп атпайбы. Анан кийин эми мамлекет башчыбыз, Президент дагы адам да. Бул кишинин деле орусча айтканда терпениесин сынай бергенде болбойт да, уят да эми.

- Курманбек Эргешович, эгерде Президент өзү айткандай мындан ары Конституциялык Кеңештин ишине катышпаса, анда бул Конституциялык Кеңештин иши Президенттин катышысыз улана берет да?

- Конституциялык Кеңештин иши жана мен башында айткандай улантылат, жалпы элдик талкуу бүткөндөн кийин уланат. Мына өзүңүздөргө белгилүү Конституциялык Кеңештин үч тең төрагасы бар, алар депутаттар Өмүрбек Чиркешович Текебаев, Апсамат Масалиевич Масалиев, аткаруу бийлигинен мен. Мына үчөөбүз кезек менен төрагалык кылып Конституциялык Кеңешменин ишин улантабыз. Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзамдын баягы биротоло бүткөн вариантынын долбоорун иштеп чыгабыз, иштеп чыкканда ошо элден келип түшкөн сунуштарды, пикирлерди эске алабыз.

- Курманбек Эргешович, мына көпчүлүк угармандар юстиция министри Данияр Иличтин иштен алышын дагы ошо Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча бир иште катачылыкты, кемчиликти кетиргенине байланыштырып атышат. Ошол Данияр Иличтин кетиши дагы бир таасир этиши мүмкүнбү?

- Конституциялык Кеңештин ишине мурдагы юстиция министри Нарынбаевдин кетиши таасир этпейт. Атайын секретариат бар. Ал секретариатта Нарынбаевден башка дагы бир топ билимдүү адистер иштейт. Өкмөттүн Аппаратынан, Президенттин Администрациясынан жана Жогорку Кеңештин аппаратынан адистер бар. Алар секретариатка тийиштүү адамдар. Анын кетишинин себеби Конституциялык Кеңештин иши менен байланыштуу эмес. Указда айтылгандай, Нарынбаев өкмөт башчысынын сунушу боюнча бошотулду.

XS
SM
MD
LG