Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

АКШ- БУУ мамилеси 2002-жылда


Иракты куралсыздандырууну тездетүү аракетине байланыштуу өтүп бараткан жылда Улуттар Уюму үчүн Ирак кризиси өтө чоң сыноо болду. Айрым талдоочулардын пикиринче, АКШнын Ирак маселесиндеги өзгөчө катуулугу мыйзамдарды колдонуунун эл аралык тартибин бекемдеп, БУУнун мартабасын көтөргөн. Сыягы, Ирактын массалык кыргын салчу куралдарын изилдөөнүн жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюму менен уюмдун бакубат мүчөсү АКШ ортосундагы татаал мамиле бир нукка түшөт көрүнөт.

Вашингтон 2002- жылы өтө маанилүү Эл аралык кылмыш сотун таануудан баш тартса да, терроризмге каршы күрөштөгү БУУнун ролу баа жеткис экенин, Ирак кризисин БУУ аркылуу жөндөө дүйнө коомчулугунун талабына төп келерин моюндады.

Ирак массалык кыргын салуучу каруу жарактарын БУУнун чечимине ылайык жок кылбаганы үчүн Улуттар Уюмунун жооп берүүсүн 12-сентябрдагы Генералдык ассамблеяда президент Буштун талап кылуусу БУУну чыйралтып курчутту десек жаңылыштык болбойт.

«Кошмо Штаттар Улуттар Уюмун негиздөөгө жардамдашкан. Биз Улуттар Уюму майнаптуу, мартабалуу жана ийгиликтүү болуусун каалайбыз. Биз дүйнөдөгү өтө абройлуу көп улуттуу уюмдун чечимдери аткарылышын каалайбыз. Ушу тапта анын чечимдерин Ирактагы режим бир жактуу түрдө аткарбай жатат», деген эле Жорж Буш 12-сентябрдагы ассамблеядагы сөзүндө.

Андан эки айдан кийин Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү бир добуштан Ирактагы аскерий инспекцияны улантуу жөнүндө чечим кабыл алган.

БУУнун Генералдык секретары Кофи Аннандын өкүлү Фред Екхард «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна «бардык адамдардын көңүлү Иракта. Бүгүн же ушул жумада же үстүбүздөгү айда Ирак БУУнун чечимин кандай аткарганы бааланып жатат. Арийне, Ирак чатагы биздин көп ишибиздин бири жана мүчө өлкөлөр капчыгына жараша добуш берип жатканынан мен күмөн санабайм», деп билдирген эле. Анын сөзүнө караганда, БУУнун таасирлүү мүчөлөрү, анын катарында АКШ, уюмдун түрдүү багыттагы программаларын үзбөй каржылоодо.

Президент Буш Ирак боюнча талапты кырынан коюп, зарыл көрсө согуш баштаймын деп дембе-дем омуроолосу БУУнун мүчөлөрүнүн арасында Вашингтон Коопсуздук Кеңешин аттап, Улуттар Уюмун каалагандай калчагысы бар деген тынчсызданууну жаратты. Ошондон улам, Иракты куралсыздандыруу кызуу талкууланып жаткан тушта-16-октябрда БУУга мүчө 191 өлкөнүн дээрлик жарымы Кеңешти реформалоону жактап чыгышты.

Түштүк Африканын элчиси Думисани Кумбало бейтарап өлкөлөр атынан сүйлөп, «Коопсуздук Кеңеши жалпы баарыбыздын бейкуттугубуз жашообуз үчүн кам көрөт жана бүтүндөй Улуттар Уюму алдында жооптуу болушу абзел. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо Улуттар Уюмунун негизги милдети. Ошон үчүн, Коопсуздук Кеңеши катаал жагдайга кабылган адамдардын түйшүгүн артырууга катыша албайт»,- деген эле.

Көпчүлүк араб жана мусулман өлкөлөрү да Кеңешти Ирак маселесинде бекем туруп, Израил-Палестин чатагына көңүл бөлбөй эки жүздүү саясат жүргүзөт деп күнөөлөшкөн.

Ак Үйдүн «2006- жылга карай жарды өлкөлөргө берилчү жардам 5 миллиард долларга көбөйтүлөт» деп күтүүсүз убада берүүсү, Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмунун чечимдеринин бузбай аткарууну жактаганын күбөлөйт, дешет БУУнун эксперттери.

АКШ «кансыз согуш» бүткөндөн бери биринчи жолу мындай берешендик жасашы.

Улуттар Уюму менен Кошмо Штаттардын карым-катнашын изилдеген бейөкмөттүк борбордун талдоочусу Джефери Лауренти, Ак Үйдүн бул кадамы терроризмди тамырлатпай жок кылууну көздөйт деген ишенимде. «Бул, чынындыгында, терроризмдин себептерин акыр аягында түшүнүү, акырындап отуруп билүү. Терроризм кадыресе жакырычылыктын эле туундусу болбостон, социалдык айрым жагдайлар зомбулукка жана террорчулардын пайда болуусуна шарт түзөрүнө Ак Үй администрациясынын көзү жетти», деген пикирин айтты Лауренти биздин радиого.

АКШ-БУУ мамилесиндеги оң жылыштарга карабай, Буштун администрациясынын Өндүрүштүк газдарды абага бөлүүнү кыскартуу жөнүндөгү Киото протоколуна, Ядролук куралдарды сыноону биротоло тыйуу боюнча келишимге жана Биологиялык куралдарды көзөмөлдөө жөнүндөгү эл аралык конвенцияга жакын арада кошулар түрү жок.

Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комиссиясынын курамына шайланбай калгандан улам, АКШ анын ишине 2002-жылы катышпады. Кошмо Штаттардын 20 жыл мурда таштап кеткен ЮНЕСКОго качан кайра кирери да белгисиз.
XS
SM
MD
LG