Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

ИРАКТА МАССАЛЫК КЫРГЫН САЛЧУ КУРАЛДАРДЫ ИЗДӨӨ УЛАНТЫЛУУДА


Бириккен Улуттар Уюмунун аскерий миссиясы Ирактын массалык жок кылуучу куралдарын издөөнү улантууда. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Мохаммед Ел-Барадейдин билдиргенине караганда, Ирактын ядролук же химиялык куралдарды жасаганын тастыктаган далилдер табыла элек. Лекин, текшерүү ырааттуу жүрүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлору Ирактагы миссиясын улантууда. БУУнун байкоо жүргүзүү, тастыктоо жана текшерүү комиссиясынын же ЮНМОВИКтин эксперттери Ирактын биологиялык жана химиялык куралдарын, ал эми Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) адистери ядролук каруу жарагын издешүүдө.

Жекшемби күнү эксперттер төрт маанилүү жайды изилдешип-текшеришти.

Биринчиси, Багдаддан 75 чакырым түштүктөгү ракета жасоочу «Ал-Мутасим» ишканасы. Октябрь айында АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги жарыялаган докладда «Ал-Мутасим» биохимиялык куралдарды жасоочу негизи ишкана деп көрсөтүлгөн.

Улуттар Уюму 90-жылдардан бери акмалап жүргөн «Ал-Какаа» ядролук комплексин текшерүү жекшемби күнү кайра улантылды. Экспертер өткөн жумада Багдаддын түштүгүк тарабында жайгашкан «Ал-Какаа» заводунун жабдууларын пайдаланып, Иракта мурда иштелип чыккан жардыргыч заттардын курамын изилдешкен.

Инспекторлор 15-декабрда Багдаддан 48 чакырым түндүктөгү ракета комплексин да изилдешти. Мамлекеттик «Ал-Наср» компаниясы машина жабдууларын, анын ичинде газ центрифугаларын чыгарат. Мындай центрифугалар 80-жылдардын аягында Иракта жасалган бомбалар дүрмөттөлгөн байытылган уранды өндүрүү үчүн колдонулган.

Ишкана мүдүрү Айзем Шихабдын сөзүнө караганда, инспекция жай-баракат өтүп, эксперттер аларга зарыл түрдүү маалыматтар менен толук камсыз болгон жана каалаган жайларын кыдырып көрүшкөн.

Шихабдын айтышынча, «Ал-Наср» ишканасы 70 чакырымга чейин жетүүчү ракеталарга зарыл заттарды чыгарат.

Иракка, БУУнун чечими менен, 150 чакырымдан узакка жетүүчү ракеталарды жасоого тыйуу салынган.

БУУнун миссиянын курамындагы Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин эксперттери жекшемби күнү «Ум-ал Маарек» ишканасын изилдешти. Багдаддан 16 чакырым түштүктөгү аскерий техниканы өнүктүрүүчү ишкананы инпекторлор биринчи жолу 30-ноябрда текшеришкен.

Инспекция шектүү жайларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча адаттагыдай эле эч кандай билдирүү жасабады. Бирок, Ирактын мунай министри Амир Мухаммад Рашид: «Өткөн жумадагы инспекциянын иши оңдуу болду, биз текшерүүнүн жүрүшү боюнча эч кандай сын пикир айта албайбыз жана америкалыктар менен Буштун администрациясы курулай жалаа жаап, калп сүйлөгөнүнө дүйнө жакында күбө болот», деп билдирди жекшемби күнү.

МАГАТЭнин директору Мохаммед Ел-Барадейдин билдиришинче, БУУнун аскерий инпекторлорунун иши ырааттуу жүрүүдө жана Иракта ядролук же химиялык куралдар бар экенин тастыктаган далилдер табыла элек. Ага карабай, «Ирак согушту каалабаса, БУУнун инспекциясы менен кызматташуудан качпоосу шарт», деп эскертти Ел-Барадей жекшемби күнү Бириккен Араб Эмирлигинин байтакты Абу-Дабидеги Стратегиялык окуулар жана изилдөөлөр борборунда жасаган докладында.

Ушул эле күнү Ирактын тышкы иштер министри Нажи Сабри БУУга кат жолдоп, АКШны Багдаддын атрабындагы абадан кол салуудан коргоочу үч аскерий бөлүккө ишемби күнү сокку урду деп сындады жана Улуттар Уюмун чабуулду токтотууга чакырды. Сабри, ошондой эле, абадан сокку урууга макулдук берди деп Кувейтти сынга алды.

АКШнын Борбордук командачылыгынын маалымдашынча, Ирактын түштүгүндөгү коопсуздук мейкиндигин күзөтүп жүргөн учактар жерден аткалангандан кийин гана жооп кайтарган.

Коопсуздук мейкиндиги Ирактын түндүгүндөгү күрд азчылыгы менен түштүктөгү шийилерди Саддам Хуссейндин күчтөрүнөн коргоо үчүн Ирак аскерлери 1991-жылы Кувейттен куулуп чыккандан кийин орнотулуп, аны күнү-түнү АКШлык жана Британиялык учактар күзөтөт.

XS
SM
MD
LG