БИШКЕК. Кыргызстан мусулмандар муфтияты ишембиде кайрымдуулук акциясын өткөрүп, анда 300 чамалаш жардамга муктаж мусулманга ар кимдин жагдайына жараша 200 сомдон 1000сомго чейин жардам берди. Бул тууралуу жекшембиде Кыргызстан Диний башкармалыгынын азирети муфтийи Муратаалы ажы Жуманов билдирди. Анын айтуусуна караганда муфтият мындай ачык-айкын кайрымдуулук акциясын биринчи жолу өткөрүп жатат. Аталган каражат Бишкек шаарынын мусулмандары чогулткан садага-битирдин эсебинен таратылды. Бишкек шаардык мечитине 319 миң сом чогулган. Ал эми калган аймактардагы мечиттер чогулткан садага-битирлердин эсеби 15-январга чейин такталып бүтүүгө тийиш. Жылына орто эсеп менен республика боюнча 350-400 миң сом каражат чогулат, анын 10 пайызы казыяттарга, 40 пайызы муфтиятка ыйгарылат.