Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Газа секторунда палестиндер «Хамас» уюмуна колдоо көрсөтүп митинг өткөрүштү.


Өткөн түнү Газа секторундагы стадиондо чогулган 30 миңдей палестиндер радикал «Хамас» уюмуна колдоо билдирген митинг өткөрүштү. Жума күнү эртең менен «Хамастын» активисттеринин бири жөөт аскерлеринин огунан курман болгон жана соңку эки күн ичиндеги атышууларда бир нече куралсыз палестин мерт болушту. «Хамасты» колдоп-чогулгандар арасынан 20дай жаш палестин Израилден өч алыш үчүн жанкечти-террорчулукка даяр экенин билдиришти. Бейшембиде беш палестин Израилге жумуш издеп бараткан жеринен, Израиль армиясынын танктардан жаадырган огуна кабылып, набыт болушкан. Израилдин тышкы иштер министрлиги окуяны кайгылуу кокустук деп атап, бирок ал беш палестин тыюу салынган аймакка кирип кеткенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG