Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Косовонун борборунда бомба жарылып, 30 дан ашуун адам жаракат алды.


Косовонун борбору Приштина шаарында өткөн түнү машинеге коюлган бомба жарылып, андан 30дан ашуун адам жараат алды. Догдурлар жарадарлардын ичинен жетөөнүн акыбалы өтө оор экенин маалымдашты. Жардыруу Приштинанын борбордук бөлүгүндө орун алгандыктан, тегеректеги бизнестик курулуш жайларга бир топ зыян келтирилди. Косовонун премьер-министри Байрам Рексхепи жардырууну террордук акт катары баалады. Калкынын басымдуу бөлүгүн албандар түзгөн Косово провинциясын 99-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюму дайындаган администрация башкарат.

XS
SM
MD
LG