Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:16

Европа Биримдигинин кезектеги саммитинде 10 мамлекет уюмга кошулууга чакырык алышты.


Европа Биримдигинин Копенгагенде аяктаган саммитинде Биримдикке кошулууга 10 өлкө расмий чакыруу алышты. Кечээ кечинде Европа Биримдигинин лидерлери кол койгон документке ылайык, Кипр, Чехия, Польша, Мажарстан, Эстония, Латвия, Литва, Мальта, Словакия жана Словения 2004-жылдын май айында Европа Биримдигине толук кандуу мүчө болушат. Ошондон тарта Евробиримдиктин курамына 25 мамлекет кирип, калкынын жалпы саны 450 млн. адамга чамалаш болот. Талапкер-өлкөлөрдү чакыруу алышы менен куттуктап, Европа Биримдигинин учурдагы төрагасы, Даниянын премьер-министри Андерс Фог Расмуссен ондогон жылдар бою «кансыз согуш» бөлүп турган Европа континентин жаңы биригүүсү менен куттуктады. «Жаңыдан кошулуп жаткан өлкөлөргө чын жүрөктөн «биздин үй-бүлөбүзгө кош келиңиздер!» демекчимин. Биздин Европа жаңыланып, кайра жаралууда», деди Европа Биримдигинин төрагасы. Европалык лидерлер анан сырткары Болгария менен Румыниянын 2007-жылы Евробиримдикке кошулушуна ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ал эми Түркия демократиялык реформаларды ыкчамдатса, аны менен эки жылдан кийин Биримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр баштоону макулдашышты. Европа Биримдигине чакыруу алган мамлекеттердин лидерлери алардын миллиондогон мекендештиринин башкы тилеги ишке ашканын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG