Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

АКШнын өкүлү Түндүк Кореянын өзөктүк реакторунун тегерегиндеги жагдайды дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн деп эсептейт.


Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаж Түндүк Кореянын өзөктүк реакторун жандантуу аракеттеринен келип чыккан кризисти дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн деп эсептейт. «Биз Корей жарым аралындагы кырдаалды элчилик жол менен эптештирүү мүмкүн экенине ишенебиз. Бул чөлкөмдү курчап турган Орусия, Кытай, Жапония, Түштүк Корея жана алыстагы Кошмо Штаттар Корей жарым аралын бейөзөктүк аймакка айландыруу зарыл экенин түшүнүп турганда, маселени дипломатиялык аракеттер аркылуу чечүүгө жакшы мүмкүндүктөр бар», дейт Вашингтондун өкүлү. Венадагы Эл аралык атомдук агенттиктин өкүлдөрү Түндүк Корея өз аймагындагы өзөктүк өндүрүш жайларынан байкоо жүргүзчү камераларды алып кетүү өтүнүчү менен кайрылганын билдиришти. Пхеньян бейшембиде мурдагы Советтер Союзунун жардамы менен салынган өзөктүк реакторун кайрадан жандантаарын жарыялаган. Адистер аны менен, Түндүк Корея өзөктүк куралдар программасын өнүктүрүүнү көздөп жатат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG