Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Копенгагенде Европа Биримдигинин саммити болуп өттү.


Копенгагенде Европа Биримдигинин саммити улантылып, ага чогулган Европалык лидерлер Биримдикке 10 талапкер-өлкөнү 2004-жылдын май айында кабыл алуунун жол-жоболорун, аларга бөлүнчү каражат өлчөмүн талкуулап бүтүп калышты. Борбор жана Чыгыш Европалык 10 өлкө кабыл алынып калса, аларга Биримдик өз бюджетинен 3 жыл катары менен 40 млрд. евро өлчөмүндө каражат бөлүштүрүүнү караштырган. Саммитте бир катар талапкер-өлкөлөр, айрыкча Польша бул каражатты көбөйтүүнү талап кылышкандыктан, Германиянын канцлери Герхард Шрөдердин демилгеси боюнча, Польшага кошумча 1 млрд. евро бөлүү маселеси макулдашып бүтүп калганы кабарланууда. Шрөдер Евробиримдиктин лидерлери финансылык жардамды чоңойтууга кайрадан кайрылбаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG