Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21

Жаза мөөнөтүн өтөөчү тармак реформалана турган болду.


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү пенитенциардык тармакты 2010-жылга чейин реформалоо концепциясын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы ишембиде билдирүү таратты. Жаңы концепцияга ылайык «Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери» программасынын алкагында иштелип чыккан эркинен ажыратылгандарды камоо жайларын реформалоо иши кийинки сегиз жылда үч этап менен ишке ашат. Концепция эки бөлүктөн турат, анда адам укуктарын коргоо талаптарынын чегинде айып тарткандарды, алардын ичинде аялдарды, балдарды жазалоочу жайларда кармоо, укуктарын коргоо багыттарындагы реформалоонун жолдору белгиленген. Өкмөттүн токтомуна ылайык, Концепциянын негизинде 2003-жылдын 1-октябрына чейин юстиция министрлиги пенитенциардык системаны реформалоо боюнча Улуттук Программаны иштеп чыгышы керек. Президенттин жардыгынын жана Өкмөт токтомунун негизинде кылмыш-жаза мөөнөтүн өтөөчү жайларды ички иштер министирлигинен юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жараяны ушул жылдын 20- июнунда башталган. Азыр Кыргызстанда 35 жаза мөөнөтүн өтөөчү жай бар. Жазалангандардын саны 17 миң.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG