Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Бейөкмөт Уюмдар Коалициясы Директорлор Кеңешин шайлады.


БИШКЕК. 14-декабрда бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» Коалициясынын Башкы Ассамблеясы ишин баштады. Адегенде Ассамблея Директорлор Кеңешинин төрагасы Вера Шаповалованын, Коалициянын президентинин милдетин аткаруучу Эдил Байсаловдун эки жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетторду укту. Анда Коалиция өз ишмердүүлүгү аркылуу Кыргызстанда демократиянын тамыр жайышына олуттуу салым кошкондугу белгиленген. Уюм өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө бардык бийлик структуралары, бардык саясий уюмдар, коомчулуктун өкүлдөрү, эл аралык отузга жакын уюмдар менен кызматташып келатат. Коалициянын жетекчиси Төлөкан Исмаилова 2001-жылдын декабрь айында чыгармачылык эс алууга кеткендигине байланыштуу уюмду убактылуу жетектөө милдети Эдил Байсаловго жүктөлгөн. Башкы Ассамблея 14-декабрдагы отурумунда Коалициянын 15 кишиден турган Директорлор Кеңешин шайлады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG