Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Кыргызстандын Акыйкатчысы өз ишин баштады.


БИШКЕК. Кыргызстандын алгачкы Акыйкатчысы Турсунбак Бакир уулу өлкөдө адам укуктарынын сакталышын камсыз кылуу багытындагы ишти жөнгө салуу үчүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Gрограммасы өңдүү эл аралык уюмдар менен кызматташууга кызыкдар жана бул багытта эл аралык уюмдардын Бишкектеги өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу. Анын айтымында, республикалык бюджеттен бөлүнүп жаткан 4 миллион сом Акыйкатчынын жаңы ишти башташына жетишсиздик кылат. Жаңы Акыйкатчы 11 багытта комиссия түзүүнү, бардык областтарда өкүлчүлүктөрүн ачууну пландап жатат.
Мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын үч орун басарын шайлашы керек. «Орун басар болууну каалагандардын 10дон ашык арызын кабыл алдым», деп билдирди Турсунбай Бакир уулу. Ал 21-ноябрда Акыйкатчылыкка шайланып, 11-декабрда депутаттык ыйгарым укугун, андан мурдараак «Эркин Кыргызстан» демократиялык партиясынын төрагалык кызматын өткөрүп берген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG