Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Бишкекте «Адилет» партиясынын 3-курултайы өттү. Бурулкан Сарыгулова


БИШКЕК. 14-декабрда «Адилет» саясий партиясынын 3-курултайы өтүп, анын чечимдерине ылайык партиянын саясий кеңешинин курамы жана жетекчилиги алмашты. «Адилет» партиясынын саясий кеңеши мурдагы 35 адамдын ордуна 57 болуп кайра түзүлдү жана партиянын төрагалыгына Чүй областынын губернатору Тойчубек Касымов, тең төрагалыгына Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жана транспорт жана байланыш министри, вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев шайланышты. Партиянын мурдагы теңтөрагалары Чыңгыз Айтматов менен Апас Жумагулов чет өлкөлөрдө иштеп жатышкандыгына байланыштуу ээлеген кызматтарынан бошотулуп, партиянын ардактуу мүчөсү катары калышты. Ал эми үчүнчү тең төрага катары партиянын ишин жүргүзүп келген Марат Султанов жана анын орун басары Илья Борщевский «пикирлери дал келген жок» деген себептер менен кызматтарын өз каалоолору менен өткөрүп беришти. «Адилет» саясий партиясы өткөн парламенттик шайлоонун алдында бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн. Азыр партиянын 60 миңден ашык мүчөсү бар деген маалыматтар айтылууда.

XS
SM
MD
LG