БИШКЕК. 13-декабрда премьер-министр Николай Танаев кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын ишине катышуу үчүн келген Тажикстан өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Акбар Тураджонзоданы кабыл алды. Тажик өкмөтүнү өкүлү менен болгон сүйлөшүүдө Н. Танаев өкмөт аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгына ыраазы экенин билдирди. 12-декабрда өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын 3-жыйынында тараптар экономика, энергетика багытындагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча бир катар макулдашууларга жетишкен.
Кыргызстандын өкмөт башчысы кыргыз-тажик комиссиясынын ишин оң баалады.