БИШКЕК. «Немец толкуну» радиосуна 12-декабрда берген интервьюсунда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Орусия аскерлери Кыргызстандын аймагына жайгаша баштагандан кийинки региондо түзүлгөн кырдаалга баа берди. «Кызып турган региондо улуу мамлекеттердин аскердик жарышуусу оң натыйжага алып келбейт», деп билдирди Ислам Каримов. «1999-жылы Өзбекстан Ислам Кыймылы менен күрөш кызуу жүрүп жаткан мезгилде орус жетекчилигине биргелешип аракеттенүү сунушун киргизген элем, бирок ага эч кандай жооп ала алган эмесмин», деп эскерген Каримов, «эми региондо туруктуулук орношо баштаганда кээ бир мамлекеттер орунсуз аскерий оюндарды көрсөтүүдө. Ал эми менин айрым президент-кесиптештерим Орусиянын денесине кимиси жакыныраак экенин көрсөтүү менен алек»,-деп баса көрсөттү. Ислам Каримов ошондой эле бийликтен кетүүгө жана аны өткөрүп берүүгө даярдык көрүп жатканын маалымдаган.