Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

Президент оппозицияны айыптады.


БИШКЕК 13-декабрда президент Аскар Акаев Бишкек шаарынын активи менен жолугушту. Жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө президент Бишкек шаарынын Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалады. Ушул эле жыйында Акаев Кыргызстандын экономикалык жана саясий өнүгүү багытында жетишкендиктерин жана проблемаларын белгилеп, Кыргыз оппозициясын «саясий экстремизмге барып жатат» деп айыптады. «Расмий бийлик оппозиция менен диалогго барууга аракет кылганына карабай, экстремизмдин акыркы айларда күчөп кеткендигин» белгилеген А. Акаев, «оппозиция ар кыл экстремисттик чакырыктарды токтотмоюнча, мындан ары эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай тургандыгын» кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG