Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

КЫРГЫЗСТАН СУУ РЕСУРСТАРЫНАН ПАЙДА КӨРҮШ ҮЧҮН ЧОҢ ДИПЛОМАТИЯ ТАЛАП КЫЛЫНАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстан Борбордук Азиядагы суу ресурстарына бай өлкөлөрдүн бири. Өлкөнүн агын суу запастарынын жалпы көлөмү 47 км. кубга жетет. Ал өзү анын 15 км. кубун гана пайдаланат. Калган 32 км. кубу кошуна өлкөлөргө кетет. Анын 22 км. кубун Өзбекстан, 6 км. кубун Кытай жана 2 км. кубдан Казакстан менен Тажикстан алат.

Жогорку Кенештин депутаты Турдакун Усубалиев сыртка кетип жаткан сууну сатуу тууралуу демилге көтөрүп, суу обьектилерин, суу курулуштарын мамлекет аралык пайдалануу жөнүндө атайын мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ал мыйзам палата тарабынан 2001-жылы кабыл алынган. Мыйзамда «суу - товар, аны сатуу керек», деген сөздөр айтылган менен, анда аны сатуунун жолдору так иштелип чыккан эмес. Мыйзамда негизинен «суу ресурстарын калыптандырууга кеткен чыгымдарды аны пайдаланган чет өлкөлөр да тең көтөрүшү керек» деген адилет маселе коюлат. Бирок бул мыйзам азыркыга чейин аткарылбай жатат. Токтогул суу сактагычында өндүрүлүп, суусу менен берилип жаткан электр энергиянын акысын эске албаганда, Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга бул үчүн бир да тыйын бере элек. Совет мезгилинде сууну бекер алып көнүп калган кошуналар, суу жөнүндө сөз болсо эле, безге сайгандай так секирип кетишет. Суу чарба департаментинин директорунун орун басары Кадыкбек Бейшекеевдин айтымында, Казакстан менен Өзбекстандын жетекчилери суу ресурстарын түзүүгө кеткен чыгымдарды биргелешип каржылоо зарылчылдыгын түшүнүп, акыркы мезгилде буга көнүп барат. Өткөн айда Таджикстандагы Борбордук Азия мамлекеттеринин жолугушуусунда Өзбек президенти Ислам Каримов жана Казак президенти Нурсултан Назарбаев бул тууралуу ниет билдирген документке кол коюшкан. Бирок алар дагы эле сууну сатуу жөнундо сөздү укккусу келишпейт. Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн пресс-конференцияда алар суу сатуу маселеси тууралуу кескин сын айтышкан.

Кадыкбек Бейшекеев кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр оор жүрүп жатканын белгилейт. Анын айтымында, Дүйшөмбү шаарындагы окуя сүйлөшүүлөрдүн бир топ татаалданышына алып келди. Анткени президенттер аталган документке кол койгондон кийин ал өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен маселени чечүүгө жакшы жол ачылмак. Бирок И. Каримов менен Н. Назарбаевдин кескин айткан сөзү алардын тарткынчыктоосуна түрткү болду. Кадыкбек Бейшекеев «мындай оор проблеманы дипломатиялык жол менен акырындап чечүү керек», дейт.

Азыр ар бир дарыя боюнча мамлекет аралык комиссия түзүлдү. Чүй, Талас дарыялары боюнча Кыргызстандын комиссиясын вице-премьер Курманбек Осмонов жетектейт. Нарын дарыясы боюнча комиссия мурда эле түзүлүп, иштеп келген. Эми Нарындын сол жана оң тарабындагы майда дарыялар деп, дагы 2 комиссия түзүлгөнү жатат. Комиссиялар суу ресурстарын пайдаланууга кеткен чыгымдарды тактап, алган суунун көлөмүнө жараша ар бир мамлекеттин каржылоодогу үлүшүн аныктоого тийиш. Мындай ишти азыр жалгыз гана Чүй, Талас дарыялары боюнча түзүлгөн комиссия акырына чыкты. Калгандары өз ишин бүтө элек.

Мамлекет аралык маанидеги суу ресурстарын пайдаланууда Таджикстандын позициясы Кыргызстандыкына окшош болууда. Аму Дарыянын башында турган Таджикстан да сууга акы төлөө маселесинде Кыргызстанды колдоп жатат. Азыр Борбордук Азиянын 4 өлкөсү «суунун башындагы өлкөлөр жана аягындагы өлкөлөр» деп, бул маселеде бөлүнүп турган кез. Суу маселеси өтө этияттыкты талап кыла турган маселе. Ошондуктан эл аралык уюмдар аны сүйлөшүү жолу менен чечүүнү каалап, ар кандай семинарларды өткөрүүдө.
XS
SM
MD
LG