Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:54

Кыргызстандын министрликтери штат кыскартуунун эсебинен каражат үнөмдөөдө.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. 2002-жылы Кыргызстандын билим берүү жана маданият министрлигинде 254 кызмат оруну кыскартылган. Бул мамлекеттин эсебине бир жылына 1 миллион 805 миң сомдун үнөмдөлүшүнө алып келет. Ал эми ушул жылы саламаттыкты сактоо министрлигинде 497 кызмат орду кыскартылып, мындай иш-чаралар жылына 2 милллион 565 миң сом үнөмдөлүшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу шейшемби күну кечинде администрациялык реформа жүргүзүү үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жыйынында маалымдады. Бул жолку отурумда республиканын саламаттыкты сактоо министри Миталип Мамытов жана билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова маалымат беришти. Аталган комиссия үстүбүздөгү жылдын 13-августунда түзүлүп, ага өкмөт башчысы Николай Танаев жетекчилик кылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG