Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:11

Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүү кымбаттай турган болду.


БИШКЕК. Жаңы жылдан баштап Кыргызстанда медициналык кызмат көрсөтүү акысы жогорулайт. Мындай маалыматты 17-декабрда Улуттук «Кабар» маалымат агенттиги саламаттык сактоо министрлигинин кабарына таянып таратты. Ал маалыматка караганда, бул иш Социалдык Фонддун, Медициналык Милдеттүү Камсыздандыруу Фондуна карызын жабуу үчүн жасалат. Медициналык Милдеттүү Камсыздандыруу Фонду уюшулгандан бери Социалдык Фонд ага 611 миллион сом карыз болгон. Ошондуктан, жаңы жылдан баштап саламаттык сактоо мекемелери дарылоо баасын кеминде 15-20 процентке көтөрмөкчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG