Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

МУРДАГЫ АРМЯН ДИПЛОМАТЫ ТЫҢЧЫЛЫК КЫЛГАНЫ ҮЧҮН СОТТОЛДУ


Улан Алымкул уулу, Прага Ушул аптада Ереван шаарынын соту мурда өкмөттүк кызматта иштеген дипломат Мурад Божолянды «Түркиянын пайдасына тыңчылык кылды» деген айып менен он жылга түрмөгө кести. Айыпкер жана анын адвокаты коюлган күнөөлөрдү төгүндөдү. Ал эми экс-дипломаттын үй-бүлөсү эгер өлкөнүн Жогорку Сотунан оң жооп болбосо, Адам укуктары боюнча европалык сотко чейин арыз жолдоорун билдирди.

52 жаштагы Мурад Божолян Түркияда төрөлүп, алтымышынчы жылдары үй-бүлөсү менен Арменияга көчүп келген эле. Өзү Түркия боюнча адис. Ушундан улам 90- жылдардын башында Армениянын тышкы иштер министрлигинин Түркия бөлүмүн жетектеген. Эми ал «чет өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылды» деген айып менен соттолуп олтурат. Арменияда да жергиликтүү соттор мамлекетке каршы чечимди сейрек чыгарат. Андыктан, эки айга созулган ачык сот жараянынын жыйынтыгында, тыңчылык менен алектенгени үчүн шектелген мурдагы мамлекеттик кызматчыга карата айыптоо өкүмү угузулаары мурдатан эле күтүлүп жаткан. Айыпкердин адвокаты Ованес Арсенян сот өкүмүнөн соң, «сиз өкүмдү угуп жатып, ал прокурорлор берген айыптоонун так көчүрмөсү экенин көрөсүз», деп билдирди.

Айтор, адвокаттын айтымында, бул иш жалган көрсөтмөлөргө негизделген. М.Божолян жыл башында, камакка алынгандан кийинки алгачкы сурактарда Түркиянын чалгын кызматына иштегенин моюнга алыптыр. Бирок, сот башталар алдында мурдагы көрсөтмөлөрүн жокко чыгарган. Адегенде М.Божолян жалган көрсөтмө бергенинин себептерин анын адвокаты сотто, ал камактагы кыйноодон жана «үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан чочулаганына байланыштуу» деп түшүндүрдү. Сот жараянына төрагалык кылган Мнатсакан Мартиросиян андай түшүндүрмөлөрдү ишенимсиз деп эсептейт.

«Айыпкер Мурад Божоляндын соттогу көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбейт. Бул жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликтен качууга жана тергөө учурунда табылган далилдерди жокко чыгарууга багытталган»,- дейт судья Мартиросян.

Мурад Божолян 1993-жылы тышкы иштер министрлигиндеги кызматынан түшкөн соң Ереванга келген түрк журналисттерине котормочулук кылып, Түркиянын маалымат каражаттары үчүн макала жаза баштаган эле. Армян тергөөчүлөрүнүн эсебинде, М. Божолян кийинчерээк Түркиянын чалгын кызматынын дал ушул журналист катары жүргөн тыңчылары менен кызматташууга өткөн жана аларга Армения, Тоолуу-Карабах жөнүндө кеңири маалыматтарды берип турган. Ошондой «журналист-тыңчылардын» бири катары, тергөөчүлөр түркиялык белгилүү телебаяндамачы Мехмед Али Биранддын ысымын аташты. Ал акыркы он жылдын ичинде Арменияда бир нече жолу болгон, 2001-жылы президент Роберт Кочерян менен кеңири маек курган эле. Кызык жери, түрк журналисти Мехмед Биранддын тыңчы экени качан - ал армян президенти менен жолукканга чейин же андан кийин - аныкталганы түшүнүксүз. Мындан сырткары Мурад Божолян кызматташкан тыңчы журналисттер катары Түркиянын «Анадолу» жаңылыктар агенттиги менен «Хуриет» жана «Милиет» гезиттеринин Москвадагы кабарчылары аталды. Мындай маалыматты Армениянын коопсуздук кызматы орусиялык кесиптештеринен алган. Тергөөчүлөрдүн ырастоосунда, Божолян ошондой эле тийиштүү маалыматтарды түрк чалгындоо кызматынын адамдарына соңку эки жылда, Стабулга бир нече жолу барган учурунда да берген жана өз кызматы үчүн акы алып жүргөнү талашсыз.

Албетте, мурдагы дипломат М. Божолян жана анын адвокаты, үй-бүлөсү жогорудагыдай ырастоолор менен макул эмес. М. Божолян өзү түрк журналисттери менен болгон кызматташтыгында шектүү эч нерсе жок деп эсептейт. Алар эми сот чечимин апелляцияга бермекчи. Анткен менен Мурад Божоляндын жубайы Людмиланын айтымында, алар Армениянын Жогорку сотунан оң жооп болооруна үмүттөнбөйт жана келечекте Адам укуктары боюнча Страсбургда жайгашкан европалык сотко чейин кайрылууга даяр.

«Мен жалгыз гана европалык сотко үмүттөнөм. Мен биздин сотторго ишенбейм. Себеби, алар өкмөттүн буйругунан чыга албайт», дейт М. Божоляндын жубайы Людмила.

Түркия азырынча окуяга карата кандайдыр-бир мамилесин билдире элек. Эске сала кете турган жагдай, Түркия менен Армениянын ортосунда дипломатиялык алака жок. Армяндардын көпчүлүгү Түркияны душман өлкө катары карайт. Калк арасында мындай маанайдын өкүм сүрүшүнө, Түркия 1915-жылы Осмон империясы тарабынан армяндарга каршы жүргүзүлгөн геноцидди тааныбаганы жана Тоолуу-Карабах чатагында Азербайджанды колдогону да өбөлгө берсе керек.
XS
SM
MD
LG