Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

СИБИРЬ ДАЙРАЛАРЫН БОРБОРДУК АЗИЯГА БУРУУ ИДЕЯСЫ КЫЗУУ ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ ЖАРАТУУДА


Төрөкул Дооров, Москва Москва шаарынын мэри Юрий Лужков сунуш кылган Сибирь дайраларын Орто Азияга буруу долбоору акыркы күндөрү орус коомчулугунда өзгөчө дискуссияны жаратты. Орусия саясий чөйрөсүндө жаралган бул талкууга карата орусиялык экологдордун мамилеси кандай?

Сибирден түндүктү карай агуучу Обь, Иртыш жана Енисей дайраларынын агымын туштүккө буруу долбоору мындан 30 жыл мурда да кызуу талкууга алынып, кийинчерээк коом нааразычылыгынан улам оозго алынбай калган. Кезегинде эми кайра жаралбай тургандай сезилген долбоор бүгүн өзү тууралуу кабар бере баштады. Юрий Лужков, Москва шаарынын жетекчиси эми бул долбоорду кайра иштетүү ниетин мамлекет башчысына сунуштап, бул аракет Орусия экономикасына чоң киреше алып келе тургандыгын баса белгилөөдө. Өз кезегинде В. Путин Ю. Лужковдун сунушун дипломатиялык сылык мамиледе кабыл алып, аны «терең изилдөө» үчүн Өкмөткө жибергени менен, долбоордун турмушка ашуусуна такыр эле көзү жетпейт, деп шектенишет айрым байкоочулар.

«Анткени, анын ишке ашуусуна жолтоо болуучу факторлор саясий, экономикалык, андан калса, экологиялык жактан да өтө кооптуу эсептелет. Сууну оз багытына каршы тарапка буруунун өзү жалпы эле аймактагы климатка өзгөчө таасир этет. Канал өтүүчү жерлерде жашаган жаныбарлар эле эмес, улут азчылыктарынын коопсуздугуна да коркунуч туудуруусу мумкун», дейт Орусия Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, Президенттин экология боюнча кенешчиси Алексей Яблоков.

«Долбоордун жактоочулары бул ишти ашыкча аккан сууну натыйжалуу колдонуу максатын көздөйт дешет. Азыр Обь дайрасында ашыкча суу бар деп айтуу туура эмес деп ойлойм. Тетирисинче, анда суу жетишпей жатат. Мезгил-мезгили менен дайраларда болуп туруучу суу ташкынын андагы ашыкча суу деп айтып жатышкандары, чынын айтсам, күлкүнү келтирбей койбойт. Суу ташкыны ал аймакка керектуу пайдалуу азыктарды таркатуу үчүн кайталанып туруучу жаратылыштагы нормалдуу абал. Биз бул долбоордун ишке ашуусуна жол бербейбиз деп ойлойм», дейт орусиялык эколог Алексей Яблоков.

Кезегинде «акылбай сыйбай турган» идея катарында каралган долбоордун эми колдоочуларынын пайда болуусу Орусия басма сөз каражаттарында түрдүү божомолдорду жаратты. Анткени, анын кандай максатты көздөп жаткандыгы жалпы коомчулукка белгисиз. Долбоордун колдоочулары анын мамлекет казынасына кирешелүүлүгүн айтышса, айрым саясатчылар менен окумуштуулар аны жеке Ю. Лужков менен Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү кээ бир саясатчылардын ортосундагы келишим катарында таанышууда.

«Адатта мындай чоң долбоорлор көп акчаны натыйжасыз сарптоо мүмкүнчүлүгүн берет. Бул, менин оюмча, аны турмушка ашырууга жетишүүдөгү максаттардын бири - ага тиешеси бар адамдарга акча иштеп калууга мүмкүндүк берүү болсо керек», дейт Эл-аралык географиялык Кеңештин вице-президенти Никита Глазовский.

Негизинен долбоордун ишке кирүүсүн каалаган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде Өзбекстан жана Казахстан бар деп айтылууда. Анткени Кыргызстан менен Тажикстан сууга муктаждыгы жок. Ал эми Түркмөнстан өзүнүн «Улуу Түркмөн каналын куруу» жолдорун изилдөө менен алек. Ушундан улам Борбордук Азия регионунда суу-энергетикалык проблемасын биргеликте чечүүнүн кыйындашуусу да ар бир өлкөнүн кызыкчылыктары менен муктаждыктарынын түрдүү экендиги менен түшүндүрүлүүдө деп эсептейт А. Яблоков.

«Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Өкмөттөрү өздөрү бүгүнкү күнгө дейре суу маселесин эффективдүү чечүүгө даяр эмес. Ошондуктан биздин сууну ал тарапка буруу жагдайды жакшырпайт, ал кайрадан абалды курчутат», деди эколог Алексей Яблоков.

Сибирь дайраларын Орто Азия өлкөлөрүнө буруу, өз кезегинде, чоң каражатты талап кылат. Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, курула турган каналдын тереңдиги 16, ал эми кендиги 200 метрди түзүшү керек. Аны кандай типте куруу маселеси чоң талаш-тартыштарды жаратты. Эксперттердин айтымында, эгерде канал бетондоп курулса, анда ага сарпталуучу каражат алдын-ала айтылган 10 миллиард доллардан бир канча эсе жогорулап кетүүсү мүмкүн. «Анда анын кирешелүүлүгү тууралуу кеп кылуунун кажети барбы?» деген суроо пайда болууда. Ошол эле учурда көп каражат сарптабай, бетонсуз эле жерди казып кура турган болсо, анда суунун көп бөлүгү жерге сиңип, аягында баткактардын пайда болуусуна алып келиши мүмкүн экен.

Орусиялык окумуштуулардын көпчүлүк бөлүгүнүн аталган долбоорго карата терс мамилеси бийлик башындагылар тарабынан кандай кабыл алына тургандыгы азырынча белгисиз бойдон калууда.
XS
SM
MD
LG