Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:58

Сауд Аравиясы менен Ирактын ортосундагы телефон байланышы калыбына келтирилди.


Сауд Аравиясы Ирак менен телефон байланышын калыбына келтирди. Сауд Аравиялык Экспорттук өнүктүрүү борборунун жетекчиси Абдул Рахман ал-Замел мындан 12 жыл илгери, Ирак Кувейтке басып киргенде үзгүлтүккө учураган телефон байланышы кечээ калыбына келтирилгенин, андан бери Ирактын бир нече мартабалуу жетекчилери менен телефондон сүйлөшкөнүн маалымдады.
Октябрь айында 1990-жылдан берки Сауд Аравиялык алгачкы ишкер делегацияны Багдадга баштап барган ал-Замель телефон байланышын калыбына келтирүү, Сауд Аравиясы менен Ирактын соода алакаларын дагы бекемдөөгө көмөк болоорун белгиледи.
Бул окуянын гуманитардык да мааниси бар, анткени эки өлкөдө жашаган тууган-туушкандар бир бири менен эркин байланышканга мүмкүндүк алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG