Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Босниялык сербдердин мурдагы президенти кылмыштары үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды.


Бириккен Улуттар Уюумунун согуш кылмыштары боюнча башкы прокурору Карла дел Понте босниялык сербдердин мурдагы президенти Биляна Плавсичтин өзүнө коюлган айыптоолорду мойнуна алып жаткандыгын билдирди.
«Айыпталуучу 90-жылдардын башында Босния жаңжалындагы кылмыштары үчүн жоопкерчиликтен качып, же жеке артыкчылыкка ээ болууга далалаттанган жок» деди прокурор.
Дел Понте ошондой эле мурдагы югославиялык жетекчилердин бири да буга чейин Гаага Трибуналында «адамзатына каршы кылмыштары үчүн айыптоолорду» моюнга албаганын белгиледи.
Бүгүн башталган угууларда Б. Плавсичтин иши боюнча АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлеин Олбрайттын жана Бириккен Улуттардын Балкандагы мурдагы баш өкүлү Карл Билдттин көрсөтмө бериши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG