Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Лондондогу Ирак оппозициясынын конференциясы дагы бир күнгө узартылды.


Америка Кошмо Штаттарынын демилгеси менен Лондондо уюштурулган Ирак оппозициясынын конференциясы бүгүн ишин дагы бир күнгө узартты. Кечээ бүтүүгө тийиш болгон жыйындын жүрүшүндө Ирак оппозициясында улуттар аралык, диний жана саясий карама-каршылыктар күчтүү экени айгине болду. Бирок Лондондо жайгашкан «Ирактын Улуттук Кеңеши» деп аталган уюмдун мартабалуу өкүлү Набил Мусави оппозициянын иш-аракетине ишенгендигин билдирди.
«Биз буга чейинки ишибизге абдан ыраазыбыз. Келечекте жол татаал болоорун билебиз, бирок анын аягына чыгып, Кудаа кааласа, Саддам Хусейнден өлкөбүздү тартып алабыз», деди Ирактык оппозициячыл өкүл.
Кечээ конференциянын катышуучулары «Ирактын президенти Саддам Хусейн жана башка жетекчилер Ирак элине каршы кылмыштары үчүн сот жообуна тартылышы керек» деген бүтүм чыгарышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG