Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Aмерикалык машыгуудан өткөн грузин батальону парадга чыкты.


Aмерикалык машыгуудан өткөн алгачкы грузин батальону Тбилисиде парадга чыкты. 550 аскер кечээ Грузиянын баш калаасында Республика аянтында парадга катышты. Батальонду 150 америкалык инструктор анти-террористтик операцияларга даярдаган. Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе парадда «НАТОго кошулуу талаптарын аткаруу үчүн, Грузия өз армиясын модернизациялайт» деп билдирди. АКШнын Грузиядагы элчиси Ричард Майлс грузин аскерлерин машыктыруу программасын «Грузиянын терроризмге каршы глобалдык согушка кошкон салымы» деп мүнөздөдү. Жаңы аскер тобуна Грузиянын Панкиси капчыгайында мыйзамдуулукту калыбына келтирүү милдети жүктөлмөкчү.

XS
SM
MD
LG