Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:54

ИРАККА КАРШЫ СОГУШ ДАЯРДЫКТАРЫ КӨРҮЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттарга мындан он күн мурда тапшырылган Ирактын аскерий декларациясы Коопсуздук Кеңешинин катардагы мүчөлөрүнө 17-декабрда берилди. Эл аралык текшерүүчүлөрдүн башчысы Ханс Бликс болсо, ал декларация тууралуу өз билдирүүсүн 19-декабр күнү жасайт.

Ирак өкмөтү тарабынан түзүлгөн аскерий декларация 12 миң беттен турган жана ал Бириккен Улуттарга 8-декабрь күнү тапшырылаары менен, аны Америка Кошмо Штаттарынын өкүлчүлүгү алып алган. Өткөн он күн ичинде аны менен Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү - АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция - таанышты - деп айтылууда, бирок Кеңештин калган 10 мүчө-мамлекетине декларация 17-декабрь күнү гана тапшырылды. Ошондо дагы, 12 миң барактан үч миң гана бет калган.

Ирак жетекчилиги «биздин документти америкалыктар бурмалап жатат», деп чыкты, бирок АКШ жана Бириккен Улуттар Уюму андай күнөөнү четке кагууда. Эксперттердин айтымында, декларацияда элге айтылбаш керек кеңири кыруучу куралды чыгаруу технологиялары да жазылган, андан тышкары, декларациядан Иракка кээ бир жабдыктар менен чийки зат берген өлкө жана компаниялардын аттары алынып салынды. Биринчиден, алар көпчүлүк учурда мыйзам негизинде аракеттенген жана аларга курулай көлөкө түшүрүүнүн кереги жок, экинчиден, кээ бир маалыматтар келечек тергөө иштеринин кызыкчылыгында азырынча айтылбаш керек.

19-декабрь күнү Коопсуздук Кеңешинде атайын жыйын өткөрүлүп, анда эл аралык текшерүүчүлөрүнүн башчысы Ханс Бликс Ирак декларациясына алгачкы ирет баа берет. Орусиянын, Франциянын жана Улуу Британиянын өкүлдөрү декларация менен таанышаардын алдында алар Х. Бликс мырзадан ал тууралуу колдонмо алууга каршы эмес экендигин билдиришти.

Декларация БУУга тапшырылгандан бери, ал тууралуу эч ким пикир айткан эмес, тек кана АКШнын жетекчилери бул документке көп ишенбегенин билдирген. 16-декабрь күнү болсо, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл андай ишенбөөчүлүккө олуттуу негиз бар экендигин айтты. «Башынан тартып эле, биз Ирактын декларациясына көп ишенбегенибизди билдиргенбиз жана акыркы маалыматтарга караганда, андай ишенбөөчүлүккө негиз бар. Бул декларацияга байланыштуу бир топ маселе чыгат», деди ал.

Декабрдын аягына чейин Ирак өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмуна аскерий тармакта иштеген илимпоздорунун толук тизмесин түзүп берүүгө тийиш. Америкалык жетекчилик БУУга кайрылып, чет өлкөлөрдө жашаган Ирак окумуштууларына каршы чара көрүүнү сунуштаган, бирок Бириккен Улуттар ага барган жок.

Бардык эксперттердин айтымында, Иракка каршы баары бир аскерий сокку урулат. Багдад да аны түшүнөт жана акыркы мезгилде өлкөнүн эл аралык кадырын көтөрүү үчүн бир топ чара көрдү. Биринчиден, 1998-жылдын декабрь айында Ирактан кууп чыгарылган эл аралык текшерүүчүлөрдүн кайра келүүсүнө шарт түзүлдү жана Бириккен Улуттардын бардык башка талаптары аткарылууда. Экинчиден, Ирак башка араб мамлекеттери менен болгон байланыштарын жакшыртууда. Мисал үчүн, 1990-жылдагы чабуул үчүн, президент Саддам Хуссейн жакында Кувейттен кечирим сурады. Сауд Аравиясы менен болсо жакында телефон байланышы түзүлүп, чек арага текшерүүчү түйүндөр орнотулду. Үчүнчүдөн, октябрь айында Иракта президенттик мөөнөттү дагы жети жылга узартуу боюнча референдум өткөрүлүп, Ирак элинин 100 пайызы президент Саддам Хуссейнге ишеним көрсөттү.

Бирок Ирак бул чаралар менен баары бир кечиккен сыяктуу, эл аралык коомчулук менен он жылдан ашык уланган тирешүү эми жаңы согуш менен аякташы мүмкүн жана андан, албетте, карапайым калк эң көп жапа чегет. Ирактын өндүрүшү азыр 1990-жылдын 25 % деңгээлинде гана иштейт. Он эки жылдык эмбаргонун айынан өлкөдө ачкачылыктан бир жарым миллионго жакын адам каза тапкан. 1996-жылдан бери иштеген «Мунай үчүн азык-түлүк» деген программа деле толук максатына жете элек, БУУнун маалыматтары боюнча, Ирак балдарынын 20 пайызы тое тамак жебейт.
XS
SM
MD
LG