Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

БЕЛАРУС МЕНЕН УКРАИНА 2002 ЖЫЛЫ


Нарын АЙЫП, Прага Беларус менен Украинада 2002-жылы болгон окуялардын негизги окшоштугу - бул эки жумурият Батыш коомчулугу менен болгон мамилесин бузуп алды жана алардын жетекчилеринин кээ бир эл аралык жыйындарга келишине эл аралык коомчулук каршы чыкты.

Ноябрь айында Прага шаарында өткөн НАТО уюмунун бийик жолугушуусуна Беларустун да, Украинанын да президенттери келүүнү каалаган. Бирок Чехия өкмөтү Беларус президенти Александр Лукашенкого виза бербей койду. Украинанын президенти Леонид Кучманы дагы батыш саясатчылары Прага жыйындарында көрүүнү каалаган эмес, бирок ал баары бир жыйынга келди. Анткен менен, Прага саммитинде Л.Кучма анын негизги катышуучулары менен жолуга алган жок жана Украинаны эл аралык саясаттан обочолонтуу жараяны уланды десе болот.

Ага карабастан, Киевке кайтып келгенден кийин, Л. Кучма Прагага болгон өзүнүн иш «сапары өтө ийгиликтүү өттү жана Украина өз максатына жетти» деп жарыялады. «Биз өз пикирибизди билдиргенибизге канааттандык, биз Европага багытталган мүдөөбүздү жана евро-атлантикалык байланыштырды күчөтүүнү көздөгөн умтулуубузду дагы бир жолу көрсөттүк. Жана биздин пландарыбыз колдоого алынганы сезилип турду», деди ал.

Украина президенти Леонид Кучманы оппозиция өлкөдө эбегейсиз деңгээлге жеткен коррупция үчүн күнөөлөп, сөз эркиндиги басмырланып жаткандыгы үчүн, анын кызматтан чегинишин талап кылууда. Акыркы мезгилде америкалык өкмөт дагы Украинаны Иракка радар сатканы үчүн күнөөлөп чыкты жана мурда убадаланган 54 миллион доллар өлчөмүндөгү жардамды быйыл бербей койду. Ошол эле учурда, АКШ «бул аракет Украйна элине эмес, президент Кучмага гана каршы багытталганын» билдирүүдө.

Беларус болсо, Батыш менен болгон мамилелерин мурда эле бузуп алган. Өлкөдө сөз эркиндигине жана башка демократиялык баалуулуктарга көңүл бурулбай, гезиттер жабылып, оппозициялык саясатчылар менен эркин журналисттер дайынсыз жоголуп кетип жаткандыгы үчүн Беларусту Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму катуу сындап чыккан. Бирок натыйжада, Беларус бийлиги ал уюмдун Минскидеги кеңсесинде иштеген дипломаттардын визаларын узартпай койгондуктан, азыр кеңсе иштебей турат.

Андан тышкары, үстүбүздөгү жылы Беларус Батыш өлкөлөрү менен гана эмес, кошуна Орусия менен болгон байланыштарын дагы бир топ бузду. Мурда беларус президенти «Орусия менен Беларус бир мамлекетке биригүүгө тийиш», деп келген. Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцин жана анын ордун баскан Владимир Путин ага көңүл кош карап келген, бирок өткөн август айында Москвада болгон жыйын учурунда В.Путин «чындап эле эки мамлекет биригип, бир Конституция кабыл алып, бир президент шайлаш керек», дегенде, А. Лукашенко чалкасынан кетти.

Минскиге кайтып келээри менен, А. Лукашенко Москванын саясатын катуу сынга алып, анын сунуштары Беларуска такыр жарабаганын айтты. «Орусия жетекчилиги азыр бизге таптакыр жарабаган жана биздин намысыбызга тийген сунуш-шарттарды коюууда. Беларусту бөлүп-жарып, аны Орусия Федерациясынын же СССРдин бир бөлүгү кылуу багытында мынчалык аракеттерге Ленин менен Сталин да барган эмес», деп билдирди ал.

Ошентип, мурдагы советтик Беларус менен Украина географиялык жактан Европага таандык болгону менен, азырынча европалык деңгээлге жете элек жана өтүп бараткан жылы Европа менен дагы, АКШ менен дагы болгон мамилелерин бир кыйла начарлатты. Бирок, Балтика жээгиндеги үч өлкөдөн башка мурдагы советтик жумурияттардын дээрлик бардыгы эле эл аралык деңгээлге чыга албастан, мурдагы советтик адаттан арыла албай алп урушууда.
XS
SM
MD
LG