Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Майлуу-Суу электр лампа заводунун акцияларына Орусиянын жана Казакстандын ишкер чөйрөлөрү кызыгууда.


БИШКЕК. Ушул жылдын 20-декабрында Майлуу-Суу электр лампа заводун сатуу боюнча тендер өткөрүлөт. Бул тууралуу тышкы соода жана өнөр жай министрлигинен алынган маалыматка караганда, аны сатып алууга Орусиянын «Мерката ЛТД» компаниясы, Уфа жана Саранск электролампа заводдору жана Казакстандык ишкерлер кызыкдар болуп жатышат. Майлуу-Суу электролампа заводунун директору Николай Мелькердин маалыматына караганда, заводдун акциясынын 62,43 % мамлекетке, калганы ишкана акционерлерине таандык. Завод болсо 3 миллион 200 миң долларга сатылат деп бааланган. Тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбековдун айтымында, заводду сатып алган тарап 3 жылдын ичинде 15 миллион доллар инвестиция жасап, ар жылы экспорт көлөмүн 3 % көбөйтүшү керек деген шарт коюлууда. Завод 2000-жылды 90 миллион, 2001-жылды 120 миллион сом киреше менен аяктаган жана продукциянын 95 % чет өлкөлөргө сатат.

XS
SM
MD
LG