Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:26

КЫРГЫЗ ОППОЗИЦИЯСЫ


Нарын АЙЫП, Прага Нью-Йорк шаарында жайгашкан «Ачык коом институтунун» «Евразия» аттуу интернет сайтында 17-декабр күнү Кыргызстан жөнүндө Алишер Хамидовдун көлөмдүү макаласы жарыяланды. Ал макалада Кыргызстандагы акыркы абал жана оппозициянын абалы тууралуу сөз болот.

Хамидовдун айтымында, 2002-жылы Кыргызстанда болуп өткөн окуялар - кыргыз оппозициясы дагы эле өтө алсыз жана бытыранды экендигин көрсөттү, бирок батыш шартында нейтралдуу болгон коомдук уюмдар Кыргызстанда кээ бир учурларда оппозициялык милдетти аткарууда.

Кыргыз оппозициясын автор үч топко бөлөт. Биринчиси - өздөрүн оппозицияда деп эсептеген уюмдар жана саясатчылар, алар расми кызмат үчүн күрөшүп, парламенттик жана президенттик шайлоого катышат. Экинчи топко - саясий кризиси жок өлкөдө эч кандай саясатка катышпаган коомдук уюмдар кирет. Алар - адам укуктарын коргогон топтор, маалымат каражаттары жана башка өкмөттүк эмес уюмдар. Жана үчүнчү топ - өкмөт тарабынан тыюуу салынган диний экстремисттик уюмдар.

Лашкерлери 1999- жана 2000-жылдарда Кыргызстанга кол салган «Өзбекстан ислам кыймылы» акыркы мезгилде дээрлик жоголду, ал эми Борбор Азияда ислам халифатын тынчтык жолу менен түзөбүз деген «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын мүчөлөрүн кыргыз бийлиги көргөн жерден кармап-соттоодо. Анткен менен, эгер экономикалык мүчүлүштүктөр уланып, өкмөткө каршы пикир айткандын баарын бийлик азыркыдай куугунтуктай берсе, келечекте диний оппозициянын катарына дагы көп адам кошулушу мүмкүн. Хамидовдун пикири боюнча, мындай диний топтордун көпчүлүк учурларда өзбек улутундагылардан турганын - алардын өкүлдөрүнүн расми бийлик кызматтарына дайындалбай жаткандыгыган да көрсө болот.

Өтүп бараткан жылы Кыргызстанда бийликке каршы бир топ аракет көрүлдү жана алардын натыйжасында саясий сахнага жаңы адамдар чыкты. Андайлардын катарына - январ айында камалып, коомчулуктун талабы менен март айында бошотулган Азимбек Бекназаров кирди. Аны колдогон демонстрацияга каршы 17- жана 18-март күндөрү милиция ок атып, алты адамды өлтүргөндө, коомдук каршылык ого бетер күчөдү жана Бишкекке жөө жүрүштөр да башталды. Бирок оппозициялык саясатчылардын уюштуруу жөндөмсүздүгүнөн, андан эч кандай орчундуу майнап чыккан жок жана чыкпай да тургандай.

Ошол эле окуялардын уландысы катары август айында Кыргызстанда «Президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» аттуу уюм түзүлдү жана анын лидери катары депутат Исмаил Исаков дагы элге таанымал болуп чыкты. Бирок бул уюмдун аракеттери деле оппозицияга да, карапайым элге да орчундуу жеңиш же жеңилдик алып келе алган жок.

Оппозициянын жетекчиси катары кээ бир эксперттер - 2001-жылдан бери камакта отурган Феликс Куловду атайт жана ал абакта отуруп - төрт партияны бириктирген «Элдик конгресстин» да жетекчиси болуп шайланды, бирок башка бир эксперттердин айтымында, эгер Кулов бийликке келсе, Акаевдикинен кем эмес авторитардык бийлик өмүр сүрөт.

Эң кызыгы болсо, азыр кыргыз коомунда оппозициялык милдетти - нейтралдуу боло турган коомдук уюмдар аткарып жаткандыгында. Бул көрүнүшкө эң биринчи кезекте - адам укуктарын бузуп, оппозиция менен эркин басма сөздү катуу кысмакка алган бийлик күнөөлүү. Экинчи жагынан, бул коомдук уюмдар саясий сахнага - өзүн оппозиция деп эсептеген күчтөр өз милдетин аткара албай жаткандыктан чыгууда.

Батыш коомунда мындай уюмдар өз кызматын бийликке да, оппозицияга да кошулбастан өтөйт, алардын милдети - адам укуктары бузулган учурларда бийликке кайрылып абалды оңдоо жана коомчулукка так жана толук маалымат берип туруу. Бирок Кыргызстанда акыркы жылдарда адам укуктары дээрлик такай бузулуп, маалымат тармагын болсо өкмөт кайрадан өзүнүн толук көзөмөлүнө алууга аракеттенгендиктен, катардагы коомдук уюмдардын катардагы аракеттери оппозициялык болуп чыгып келүүдө.

Жалпысынан алганда болсо, бийлик канчалык начар болсо, оппозиция да ошондой деңгээлде өнүгөт.
XS
SM
MD
LG