Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

ТЕРРОРЧУЛАР ООГАНСТАНДА ДАГЫ ЭЛЕ БАР


Нарын АЙЫП, Прага Мындан бир жыл мурда эл аралык террорчулукка каршы кеңири аракеттер көрүлө баштаганда, Бириккен Улуттар Уюмунда терроризм боюнча атайын эксперттик топ түзүлгөн. 17-декабр күнү ал топ Нью-Йорк шаарында атайын билдирүү жасап: Ооганстан аймагында азыркы учурда террорчул топтор дагы эле бар жана аларга улам көп жаш адам кошулууда, - деп жарыялады.

Бириккен улуттардын эксперттик тобу - террордук уюмдарды каржылоону көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн жана анын маалыматтары боюнча, азыр дүйнөдө «Аль Каида» уюмуна көмөк көрсөткөн бир топ бай адам жана уюм дагы эле бар. Эксперттер түзгөн тизмеге бардыгы болуп 324 аталыш кирген, алардын 232-си уюм, калгандары - жеке адамдар. Бирок кээ бир аталыштар так эмес, ошондуктан Бириккен улуттар мүчө-мамлекеттерге кайрылып, ал аталыштар менен ысымдарды тактап берүүнү суранган. Бирок, эксперттердин айтымында, дүйнө мамлекеттери андай маалымат берүүгө көп шашкан жок.

ООНдун акыркы билдирүүсүн даярдаган экперттик топтун жетекчиси Майкл Чэндлердин айтымында, акыркы мезгилде Ооганстандын аймагында террордук уюмдардын иши жанданууда. «Эл аралык терроризмге каршы согушуп жаткан коалиция аскерлеринин мүмкүнчүлүктөрү кеңири экендигин террорчулар жакшы билет, ошондуктан алар ачык кармашууга чыгууга даай албайт. Ал террорчулар мүмкүн болушунча майда топторго бөлүнүп, акылдуу жана сергек аракеттенээри айкын», - дейт Чэндлер.

Бириккен улуттар менен эл аралык коалициянын жигердүү аракеттеринен улам, террорчулардын дүйнөлүк желесин түзгөн «Аль Каида» уюму каржылоо булактарынан дээрлик үзүлгөн, бирок акыркы террордук чабуулдар - анын аракеттери токтой электигин көрсөтөт. 12-октябрда Индонезиянын Бали аралында болгон жардыруудан 192 адам набыт болду, алардын көпчүлүгү - чет өлкөлүк туристтер. 28-ноябрда болсо, Африканын Кения мамлекетинде дагы террордук аракет ишке ашты. Момбаса шаарынын алдындагы мейманканага жарылуучу заттар толгон машине келип урунганда, ал жардыруудан 15 адам каза тапты. Өлгөндөрдүн ону - кениялыктар, үчөө - Израилдин жарандары болуп чыкты, ал мейманкана болсо, Израилге таандык болчу. Ошол эле күнү, мейманканадагы жардыруунун алдында Момбаса шаарынын аба майданынан учуп чыккан израилдик учакка эки ракета атылган, бирок кокустуктан гана алар учакка тийбей калган. Жакында болсо, кошуна Танзания мамлекетинде полиция 108 килограмм уран кармады. Адистердин айтымында, ал байытылбаган уран курал жасоого жарабайт, бирок анын жеке колго тийгени эле өтө коркунучтуу.

Өткөн аптада Пакистандын чалгындоо кызматы жана ички иштер министирлиги: өлкө аймагында жан кечтилер топтору даярдыктан өтүп жаткандыгы тууралуу маалымат бар, - деп билдирди, - жана алар «Аль Каида» менен байланышкан. Бирок Пакистан өкмөтү ал маалыматты кийин жокко чыгарды. Бириккен улуттардын маалыматы боюнча болсо, террорчуларды - Ооганстандын мурдагы премьер-министри Гүлбеддин Хекматиар да колдойт.

Эксперттер тараткан билдирүүдө: террордук топтор Ооганстандын чыгыш аймагындагы Кунар провинциясынын Асадабад шаарынын алдында машыгат, - деп айтылат. Андан тышкары, Ооган-Пакистан чек арасына жакын Пешавар шаарынын алдында дагы террорчулар машыккан жайлар болушу мүмкүн. «Аль Каида» менен байланышкан бул террордук топтор өз жайларын улам башка жерге которуп турат жана аларда машыккан адамдардын саны азыр он миңдин тегерегинде.

Майкл Чэндлердин айтымында, террордук топторго улам жаңы жаш адамдар кошулууда, алар чын дилинен «Аль Каиданын» аракеттерин колдойт, бул террордук уюмдун бөлүмдөрү азыр дүйнөнүн кыркка жакын мамлекетинде бар жана алар азыр өзөктүк куралга да ээ болууга умтулууда.

XS
SM
MD
LG