Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

АКШ РАКЕТАДАН КОРГОНУУ СИСТЕМАСЫН ТҮЗҮҮГӨ КИРИШТИ


Шейшемби күнү Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш ракетадан коргонуу системасын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Документте айтылгандай, системанын алгачкы компоненттери 2004-жылы даяр болот жана Аляскада жайгаштырылат. Буш аталган долбоорду жүзөгө ашыруу максатында конгресстен 2004-2005-жылдарга кошумча бир жарым миллиард доллар каражат сураганы жатат.

Аляскадагы ракеталык полигондун жерпайы быйыл жайда түптөлгөн эле. Эми анда атайын шахталар курула баштайт жана аларга ракеталар орнотулат. Алардын баары Кошмо Штаттарына мээленип атылган ракеталарды абада атып түшүргөнгө ылайыкталат. Ракеталык мындай он шахта Аляскада, президент Буш кол койгон жарлыкка ылайык, 2004-жыл жаңырганга чейин ишке берилиши керек. Андан соң Кошмо Штаттарында кошумча дагы он шахта куралат. Мындан тышкары радар системасы менен жабдылган аскер-деңиз кемелерине ушундай эле максаттагы атайын ракеталар орнотулат. Ак үйдүн пландары боюнча, коргонуунун мындай чектелген системасы Кошмо Штаттардын бүткүл территориясын ракеталык жапырыктан коргогонго жарайт, атүгүл айрым союздаштарды да баллистикалык ракеталардан калкалап кала алат. Вашингтон мындай коркунуч баарыдан мурда террористтерден,ошондой эле Ирак,Иран жана Түндүк Корея өңдүү режимдерден туулушу ыктымал деп эсептейт.

Өткөн аптада Кошмо Штаттары аталган долбоордун алкагында Тынч океанында кезектеги сыноо өткөрүп, ал ийгиликсиз аяктаган эле. Бирок буга карабастан Буштун администрациясы антиракеталык «калкан» түзүү мүдөөсүн жүзөгө ашырганга толук чечкиндүү экендигин Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд ырастады. «Ракетадан коргонуу системасы эволюциялык программа болмокчу, ал акырындап белгилүү бир мезгил аралыгында барып түзүлөт»,- деп билдирди Пентагондун башчысы. Айрым маалыматтарга караганда, Кошмо Штаттары бул долбоор үчүн ушу тапта эле жылына 8 миллиард доллар каражат сарп кылат. Президент эми 2004-2005-жылдарга конгресстен кошумча дагы 1,5 миллиард доллар сураганы жатат. Система өзү баары болуп канчага турарын айтканга Ак үй азырынча даяр эмес. Ошону үчүн долбоордун сынчылары анын өтө кымбаттыгын, ишенимсиздигин башкы аргумент катары келтиришет.

Буштун шейшемби күнкү жарлыгын комментариялап,орус генералы Юрий Балуевский баллистикалык ракеталардан толук коргонуп калганга түпкүлүгүндө мүмкүн эместигин ырастады. Россиянын тышкы иштер министрлиги болсо Вашингтондун бул чечимине өкүнүч билдирди,ошол эле учурда тараптардын стратегиялык куралдарды кыскартуу жагынан конструктивдүү кызматташтыгы улана тургандыгын бышыктады.

Мунун алдында Вашингтон Британия менен Даниянын өкмөттөрүнө кайрылып, Англиядагы жана Гренландиядагы радарлык системаларды пайдаланууга берүүнү өтүнгөн эле. Ырасмий Лондон азырынча өзүнүн пикирин билдире элек, ал эми Даниянын өкмөтү Кошмо Штаттардын планын колдой тургандыгын мурда эле ырастаган. Америкалыктардын болочоктогу ракеталык «калканы» Копенгагенге тынчтыктын кепилдигиндей көрүнөт, ошондуктан Дания Гренландиядагы аскер базасын америкалыктарга пайдаланганга берет болуу керек. Акырында, Кошмо Штаттары менен биргелешип Ыраакы чыгышта регионалдык антиракеталык система түзүү маселесин карап чыкканга даяр экендигин Япония билдирди. Бу идеяга Токио түбү каршы эмес, бирок мындай системанын ашкере кымбаттыгы аз келгенсип кийин ишенимдүү иштей аларына эч кандай кепилдик жок. Япония ушундан улам гана Вашингтондун сунушунан тайсалдап жүрөт.

XS
SM
MD
LG