Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТАЖИК ДИПЛОМАТЫ ЭКИ ӨЛКӨНҮН ОРТОСУНДАГЫ АЛАКАЛАРДЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ЫРААЗЫ


Мирзахалим Каримов, Бишкек Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Шарипхан Каландаров менен маек.

Октябрь айында Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги ачылып, өз ишин баштаган. Назарыңыздарга ошол элчиликтин кеңешчиси Шарипхан Каландаров менен маекти сунуш кылабыз.

- Шарипхан Кишварович, Тажикстан менен Кыргызстандын келечектеги алакалары тууралуу кеп салып берсеңиз?

- Чындыгында азыр эки жумуруяттын - Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы ар-тараптуу алакалары жакшы болуп жатат. Бул биз үчүн кубанычтуу болуп саналат. Кала берсе мурдагы союз доорунда деле бул эки өлкө бир туугандардай мамиледе болуп келгенин өзгөчө белгилешибиз керек. Атайын белгилеп кете турган дагы бир жетишкендик, бул Тажикстан менен Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу мамилелерин жөнгө сала турган элүүгө жакын маанилүү документтерге кол коюлду. Бул документтер сан жагынан эле эмес, сапаты жагынан да пайда келтирээрине ишенич чоң. Алакаларыбызды дагы жакшыртуу максатында эки өлкөнүн ортосунда атайын комиссия түзүүнү көздөгөн планыбыз бар. Бул комиссия ушу декабрь айынын аяк ченинде түзүлүшү керек. Ал эки жумуруяттын ортосундагы мамилелерининин баарын комплекстүү түрдө карап чыгып, буга чейин чечилбей же ишке ашырылбай келаткан маселелеринин чечилиши үчүн омоктуу салым кошмокчу. Эки өлкөдөн түзүлгөн комиссиялардын жолугушуусунан үмүтүбүз чоң. Анткени Союз тарагандан кийинки жылдарда биздин илимий, маданий, соода-сатык алакаларыбыз бир топ алыстап кеткен. Аталган комиссия дал мына ошол мамилелерди кайра жандандырат жана алар боюнча пайда болгон маселелрди өз ара пайдалуу жолдор менен чечет.

- Тажикстанда азыркы учурда бир нече миң кыргыздар жашап жатышат. Азыр ошолордун турмушу кандай болуп жатты экен? Экинчи суроо - азыркы учурда Тажикстандан Кыргызстанга карай этникалык кыргыздардын стихиялык түрдө көчүп келиши тууралуу. Азыр ушундай бир элементтер болуп атат. Азыр бул жакка көчүп келүүнүн кандай эрежелери бар, кандай тартипте көчүп келиши керек, ушулар тууралуу айтып берсеңиз?

- Бизде болгон маалыматтарга караганда азыркы учурда Тажик Жумуруятынын аймагында 60 миңден ашуун этникалык кыргыздар жашап жатышат. Кыргыздар бизде негизинен Жергетал жана Мургап райондорунда жыш отурукташып нечен кылымдардан бери өмүр сүрүп келатышат. Алар негизинен мал чарба, дыйканчылык менен алектенген мээнеткеч инсандар. Базар экономикасына өткөндөн кийин жумуруятыбыздын экономикалык абалы бир кыйла төмөндөп, анын залалы бардык адамдарга бирдей таасир этти. Арадан 10 жыл өткөндөн кийин гана жумуруяттын экономикалык абалы эми бир аз өсүп -өнүгүү жолуна түштү. Тажикстандагы этникалык кыргыздардын бир тобунун Кыргызстанга жанагындай стихиялык жол менен көчүп келиши жөнүндө мына буларды айтып коюшубуз керек. Мындай процесттер сөзсүз түрдө өкмөттүн тийиштүү органдары менен макулдашылгандан кийин гана болушу зарыл. Мындан эки ай илгери Кыргызстанда элчилик ачып ишти баштагандан бери бизге кайрылып жаткан этникалык кыргыздардын көпчүлүгүнүн проблемасы Тажикстандын граждандыгынан чыгуу маселеси. Алар 1992-1996-жылдар аралыгында Кыргызстанга көчүп келишкен. Бул адамдар азыр өз калоолору боюнча Тажикстандын граждандыгынан чыгуулары керек. Албетте бул маселе мыйзам чегинде чечилиш керек. Мындай эрежелер бир эле Тажикстанда эмес, Кыргызстанда деле бар. Тактап айтканда мындай процесстер ар бир өкмөттүн тийиштүү органдары, миграциялык бөлүмдөр тарабынан жөнгө салынат. Укуктук жагынан айта турган болсок ар бир адам өзүнүн тарыхый мекенине барып жашай алат, ар бир адамда бул жагынан Конституциялык укугу бар. Эч кимге бул жагынан тоскоолдук кылынбайт. Дагы бир жолу баса белгилейм, бирок баары мыйзам чегинде жүзөгө ашырылышы керек. Демек, стихиялык түрдө мамлекеттен көчүп чыгып кетүүгө жол коюлбайт.
Аңгемеңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG