2001-жылдын 24-сентябрында көрөрмандарга тартууланган «Пирамида» телекомпаниясынын «Биздин мезгил» берүүсүндө парламент депутаты Ишенбай Кадырбеков «Жогорку Кенештин материалдык-техникалык жана каржы жактан камсыздоо департаменти 53 компьютерди өз баасынан кымбат баада сатып алды, анын натыйжасында ар бир компьютерден 900 доллардан акчаны ортомчулар бөлүп алышты. Мындан мамлекет 2,5 миллион сом уттурду», деп айтат. «И. Кадырбеков бул сөзү менен менин кадырына жана ар-намысына доо келтирди» деген Токон Шайлиева депутатты сотко берип, андан беш миллион сом айып акча жана анын үстүнөн кылмыш ишин козгоону талап кылып сотко кайрылган.
«Мен айрым депутаттар казынанын акчасын кантип жеп жаткандыгы тууралуу ачык айтып койдум эле. И. Кадырбеков ошого ичи күйүп, журналист Александр Кулинскийдин берүүсүндө мени «2,5 миллион сомду бөлүп алды» деп күнөөлөдү. Бул калп. Ошол себептен мен аны сотко бердим», деди Токон Шайлиева И. Кадырбековду сотко беришинин себептери тууралуу.
Т. Шайлиеванын айтымында, депутаттарды компьютер менен камсыз кылууга ал убакта Токон Шайлиева башкарып турган департаментти милдеттендирген Жогорку Кенештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын атайын токтому жана төраганын ал кездеги орун басары Өмүрбек Текебаевдин атайын буйругу болгон.
«Жогорку Кеңештин атайын чечими бар, компьютер сатып алгыла деген. Баары мыйзамдуу. И. Кадырбековду сотко берүүгө бийлик тапшырма берди деген сөз туура эмес. Менин Кадырбековду сотко бергенимди бийлик билбейт», дейт Т. Шайлиева.
Ал эми Ишенбай Кадырбеков болсо «мен бул ишти Ак Үйдүн саясий заказы деп эсептейм. Себеби, А. Кулинскийдин берүүсүндө мен Жогорку Кеңештин акчасын гана айткам. Т.Шайлиеванын аты дегеле аталган эмес. Чындыгында, компьютерлерди 1700 доллардан сатып алышкан, ошол учурда «Континент» компаниясында бир компьютердин баасы 810 доллардан болгон. Мен ушуну гана айткам. Ошого карабай, сот процесси болуп жатат. Бул саясий заказ экенин көрсөтөт жана мени эптеп соттоп туруп, депутаттык мандатыман ажыратуу керек болуп жатат».