Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

КЫРГЫЗ ПАРЛАМЕНТИ КАРА-КЕЧЕ КӨМҮР КЕНИНДЕГИ ИШТЕРДИ ТАЛКУУГА АЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Шаршемби күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Кара-Кече көмүр кениндеги мыйзам бузуу фактылары тууралуу парламенттик угуу өткөрүлдү.

Парламенттик угууга республиканын тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбеков, Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана сырттан инвестиция тартуу боюнча комитеттин башчысы Равшан Жээнбеков жана аталган көмүр кенинде иш жүргүзгөн ишканалардын жектекчилери катышты. Адегенде жыйындын катышуучуларына жакында Кара-Кече көмүр кенине барып келген депутаттык комиссиянын маалыматы угулду. Депутаттык комиссиянын башчысы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, учурда аталган көмүр кениде коопсуздук чаралары сакталбай, айлана-чөйрөгө жеткиликтүү көңүл бурулбай, көмүр казып алуудагы технологиялык ыкмаларды бузуу менен көмүр казуу улантылып жатат. Ошондой эле, бирдиктүү бир тартиптин жоктугунан көмүр казып алууда баш-аламандык орун алып, жең ичинен пайда көрүү адатка айланган. Мындай маалыматын бекемдөө үчүн жыйындын катышуучуларына депутатык комиссия тартып келген кино тасма көрсөтүлдү.

Жогорудагыдай маалыматтан соң, депутаттык комиссиянын башчысы Орозбек Дүйшеев жыйындын башкы максаты, Кара-Кечедеги тартип бузууларды токтотуп, көмүр кениндеги башкаруу ыкмасын жана ишти уюштуруу боюнча депуттардын сунуш пикирлерин өкмөткө жөнөтүү экендигин жарыя кылды.

«Урматтуу жыйындын катышуучулары! Ишкананын абалы жогоруда айтылды. Ошондуктан биз Кара-Кече көмүр кениндеги башкаруу ыкмасын толук өзгөртүүнү өкмөткө сунуштообуз керек», -деди Орозбек Дүйшеев.

Ал эми парламенттик угууда маалымат берген республиканын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тыштан инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Равшан Жээнбековдун белгилөөсүндө, буга чейин республикада 2002-жылдан 2005- жылга чейин көмүр казып алуунун мамлекеттик программасы бекитилген. Программада жылына бир миллион тоннага чейин көмүр казып алууга жетишүү пландаштырылган. Бүгүнкү күндө мындай план иш жүзүндө аткарылбай жаткандыгынын себебин Равшан Жээнбеков: «Бул аябай эле ишке ашпай турган программа. Анткени мамлекеттик программаны аткаруу үчүн 18 миллион доллар керек. Экинчиден, биз мамлекеттин колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүшүбүз керек. Анткени кайсыл гана инвестор келбесин бизге жол куруп бербейт» деп түшүндүрдү.

Ошондой эле Равшан Жээнбеков Кара-Кече көмүр кенинин натыйжалуу иштетүү республиканын көмүргө болгон муктаждыгын толук канааттандырат эле деген пикирде. «Кара-Кечедеги”азыркы күндө изилденген көмүрдүн запасы 2 миллиард тоннага чейин жетет. Ал эми Кыргызстанда жылына 3-4 миллион тонна көмүр пайдаланылат. Керектүү көмүрдү биз Кара-Кече көмүр кенинен эле алсак болот. Бирок, тилекке каршы, темир жолдун жоктугунан муну пайдаланбай жатабыз»-дейт Равшан Жээнбеков.

Ал эми жыйынга катышкан Кара-Кече көмүр кениндеги айдоочулардын “Эр айдоочу” коомдук бирикмесинин башчысы Качкын Булатовдун маалыматына караганда, учурда аталган көмүр кенинде баш аламандык, өзүм билемдик, жең-ичинен уурдоо орун алган. «Чын-чынына келгенде учурда Кара-Кечеден жылдын бир мезгилинде эле эмес, жайы-кышы дебей көмүр ташылып жатат. Анын ичинде накта акчага сатылган акчалар жеке чөнтөккө кетет. Маселен, бир күндө 250 авто-унаага көмүр жүктөлсө анын ичинде 50 машине мамлекеттин эсебине катталат, калганы жең ичинен сатылат. Муну баары далилденген, мен айтуудан коркпойм», - дейт Качкын Булатов.

Качкын Булатовдун маалыматында бул кылмыш иштерге республикадагы жогорку бийлик жетекчилери жана тартип коргоо кызматкерлери аралашкан. «Бул кылмыш иштерге милиция кызматкерлери, бийлик адамдары аралашкан. Алар өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат», - дейт “Эр айдоочу” коомдук бирикмесинин башчысы.

Ошентип, шаршемби күнкү жыйындын соңуда Кара-Кече көмүр кениндеги баш-аламандыкты токтотуп, келечекте натыйжалуу көмүр казуу боюнча бирдиктүү бир план иштеп чыгуу Кыргыз өкмөтүнө сунушталды.

XS
SM
MD
LG