Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

АКАЕВДИ БИЙЛИКТЕН КЕТИРҮҮ АРАКЕТИНЕ БИЙЛИКТИН ЖООБУ КАНДАЙ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Көпчүлүк эксперттердин пикирине караганда, оппозиция менен бийликтин ортосундагы тирешүү, мамлекет башчысын бийликтен четтетүү үчүн аракеттер дагы көпкө созулчудай.

Албетте, 2002-жылга чейин бийликке каршы ар кандай аракеттер, нааразычылык акциялары болуп келгени маалым. Бирок, анда мамлекет башчысы Аскар Акаевди бийликтен кетирүү маселеси биринчи орунга чыккан эмес. Акыркы жылдары, тактап айтканда 2001-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында кыргыз-кытай чек ара маселесин тактоо учурунда, андагы Үзөңгү-Кууш капчыгайындагы талаштуу жердин тагдыры чечилээр алдында Аскар Акаевге импичмент жарыялоо маселеси алгачкы жолу көтөрүлгөң. Бирок, бийлик импичмент демилгесин көтөрүп чыккан депутат Азимбек Бекназаровду 7 жыл мурдагы айыбы үчүн камакка алып, маселеге чекит коюуга аракет жасап көрдү. Бул окуя, тескерисинче, бийлик ойлогондой болбой, Аксыдагы кандуу окуя менен коштолуп, бийлик кетирген кемчилдигин моюнга алууга аргасыз болду. Мына ушул окуядан соң, оппозиция Акаевди бийликтен кетирүү аракетин ого бетер күчөттү. Август айында оппозициячыл партиялардын көпчүлүгү бир ымалага келип, «Акаевди бийликтен кетирүү жана реформа үчүн» аттуу кыймыл түздү. Айрым аналитиктердин айтканына караганда, мына ушул кыймыл негизделгенден бери мамлекет башчысын бийликтен кетирүү аракети жанданды. Бул тууралуу «Эркин Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев: «Ооба, биз үндөп атабыз элди, бул Акаевди кетириш керек, бирок конституциялык, тынчтык, мыйзамдуу жол менен кетириш керек», дейт. Бирок, оппозициянын мындай аракетинен эч майнап чыкпай турганын президенттин кеңешчиси Болот Жанузаков ар убак эскертип келет. «Айтып коеюн, жүз жолу Акаевди отставкага кетсин деп кыйкырган менен кетпейт, эл шайлаган, эл турат» дейт Болот Жанузаков, бизге берген соңку интервьюларынын биринде. Мындай пикир менен президент өзү да макул. Ал соңку кезде Түштүк жергесинде, Чүйдө, Бишкекте, 18-декабрда Нарында сүйлөгөн сөзүндө да оппозиция аны эч качан бийликтен четтете албасын, анткени мамлекет башчысын 2 млн. эл шайлаганын эскертти. Президенттин мындай пикири менен «Акаевди бийликтен кетирүү жана реформа үчүн» кыймылынын жетекчиси Исмаил Исаков бир чети макул. Бирок, ал ага карабай кыймыл өз ишин уланта берээрин айтты. «Кыймыл 14-августта түзүлгөн. Президенттин өзүнүн кетпейм деген жөнү бар. Себеп дегенде 1993-жылы Конституциянын 96-статьясын жеке өзү одоно бузуу менен 1996-1998-жылдары Конституциялык өзгөртүүлөр менен бийликтин бардык бутактарын өзүнө көз каранды кылып алган. Ушунун негизинде Конституциялык Сот президент үчүнчү мөөнөткө кетип жатканда башка чечим чыгарып берген. Ушунун негизинде президенттин айтканы мыйзам болуп бүгүнкү күнгө чейин келатабыз. Эми азыр биз болсо Конституциядагы бүгүнкү норманы колдонуп атабыз. Анын 50-статьясында жазылган президент өз арызы менен кетсе болот деп. Ошого өзүнүн кеткен катачылыктарын, кемчиликтерди, бузулган мыйзамдарды, Конституциянын статьяларын түшүндүрүүгө чоң аракет жасап жатабыз, бул биринчи жол, экинчи жол, менин оюмча, конституциялык өзгөрүүлөр болуп жатпайбы. Ошондо референдум болот сөзсүз. Ушул референдум болгондон кийин президенттин полномочиясы дагы, Жогорку Кеңештики дагы, сот системасынынкы дагы, өкмөттүкү дагы бүт башка болот да. Ошондо өзү баардыгына демилге көтөрүп, өзү баштап отставкага кетип калса бул экинчи жол, анда абдан жакшы болот эле. Эми ушулардын бардыгын жасабай калгандан кийин бизде үчүнчү жол калат. Ал Конституциянын 51-статьясында Мыйзам чыгаруу жыйыны укук берген, «президенттин кетирген каталарын, күнөөсүн тактоо боюнча комиссия түз» деп. Эми ошо комиссия түзгөнгө биз аракет жасайбыз, бирок бүгүнкү күндөгү көз каранды Жогорку Кеңеш, көз каранды сот турганда бул ишке ашырбасына бүгүн көзүбүз жетип калды. Ошондуктан «мен кетпейм, калам» дегени жөнү бар экендиги бизге ачык эле билинип калды» - дейт Исмаил Исаков.
Көпчүлүк эксперттердин пикирине караганда, оппозиция менен бийликтин ортосундагы тирешүү, мамлекет башчысын бийликтен четтетүү үчүн аракеттер дагы көпкө созулчудай. Бийликтин маанайына караганда оппозициянын мындан аркы аракетин ооздуктоо үчүн жөн гана жооп кайтарылбай, чечкиндүү чаралар да көрүлүшү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG