Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

2002-ЖЫЛ ДҮЙНӨГӨ ЭМНЕ БЕРДИ?


Улан Алымкул уулу, Прага Аяктоо алдында турган 2002-жыл дүйнөгө эмне берди? Ааламдын айрым чөлкөмдөрүндө кадимки гана эмес өзөктүк куралдарды колдонуу менен согуш чыгуу коркунучу жаралса, экинчи бир бөлүгүндө өлкөлөр тынчтык жана коопсуздук үчүн бирикти. Европа жаңы валютага, Ооганстан жаңы өткөөл өкмөткө ээ болду, Иракта кайрадан эл аралык инспекция башталды.

Батыш Европанын калкы 2002- жылды чөлкөмдүн жаңы валютасы- евронун накталай жүргүртүүгө чыгарылышын белгилөө менен баштаган эле. Бир нече жылга созулган даярдык иштеринен кийин евро- Европа Биримдигинин 12 өлкөсүндө калк колдоно ала турган акчага айланды. Бул эл арасында кубанычты жаратканы белгилүү. Анткен менен мындай сүйүнүчтүн деңгээли жыл соңунда бир аз басаңдагандай болду. Еврокомиссия өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, калктын басымдуу бөлүгү жаңы валюта инфляция жогорулоосуна салым кошту деген ишенимде.

Январь айынын соңунда АКШ президенти Буш өлкө Конгрессине жана калкына жасаган жылдык кайрылуусунда дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган билирүү жасап, Иранды, Иракты жана Түндүк Кореяны «балакеттин үчилтигин» түзгөн өлкөлөр деп атады.

«Ушуга окшогон өлкөлөр жана алардын террорчул өнөктөштөрү «балакеттин үчилтигин түзөт», дүйнөдөгү тынчтыкка коркунуч келтирүү үчүн куралданууда», деген эле президент жыл башындагы билдирүүсүндө.

Март айында болсо АКШ жетектеген коалициялык күчтөр Ооганстанда террорчуларга каршы кеңири чабуул жасады. «Анаконда» деп аталган аскерий операция Ооганстандын Шах-и-Кот тоолорун байырлаган аль-кайидачылар менен талиптерге каршы багытталган эле. Уруш учурунда коалициялык күчтөрдүн 12 жоокери курман болду. Кошмо Штаттар ырастагандай, «Аль-Кайида» менен «Талибандын» жоготуусу 450 адамга жеткен. АКШ Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Томи Фрэнкс анда: «бул операция ага тартылган коалициялык күчтөрдүн гана эмес, ооган күчтөрүнүн эсебинде да толук ийгиликтүү болду», деп билдирген эле.

Ал эми Жакынкы Чыгышта, март айынын соңунда Израиль армиясы Йордандын Батыш жээгиндеги эң ири аскерий операциясын жүргүздү. Израил аскерлери алгачкы жолу палестин лидери Ясир Арафаттын Рамалла шаарындагы баш кеңсесин бутага алды. Ал жердеги имараттардын көпчүлүгүн талкалады. Израил өкмөтү мындай чабуулду жасоого палестин жанкечтилеринин бир нече жолку жардырууларынан соң буйрук берген.

Май айында болсо Орусия менен НАТОнун мамилеси жаңы деңгэлге көтөрүлдү. Рим шаарынын чет жакасында өткөн саммиттин жыйынтыгында НАТО-Орусия кеңеши түзүлдү. Мындай кадам эки жактын биргелешкен кызыкчылыктарын аныктоо жана НАТОнун айрым чечимдерине карата Орусия мамилесин билдирип туруусуна мүмкүндүк берүүгө багытталган. НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон анда Орусинын жаңы статусун мүнөздөп: «бул чечимге келүү менен сиздер, НАТО-Орусия Кеңешин расмий түрдө ишке киргиздиңиздер, бул жерде баардык мүчөлөр, ушул столдун айланасында тең өнөктөш катары бирге иштешет», деп айткан. Ошентип, кансыз согуш доорундагы теңтайлаштар жакындаша баштаса, Түштүк Азиянын атаандаштары, өзөктүк куралга ээ өлкөлөр: Индия, Пакистандын мамилеси курчуду. Эки өлкөнүн мамилеси мурдатан эле ойдогудай эмес болчу, бирок кырдаал кашмирлик жикчилер 2001-жылдын декабрында, Индия парламентине чабуул жасагандан кийин өзгөчө чыңалды. Жаз -жай айларында Индия менен Пакистан чек арага жайгаштырган аскерлеринин саны бир миллионго чейин жетти. АКШ коргоо министри Дональд Рамсфелд эки коңшуну жараштыруу аракети менен июнь айында чөлкөмгө келген кезинде: «АКШ президенти, Мамлекеттик катчы сөссүз бул өлкөлөр менен тыгыз кызматташтыкка кызыкдар жана Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу жакшырышын көрүүгө умтулат», деген болчу.

Ал эми Пакистандын коңшусу Ооганстанда, июнь айында өлкөнүн жалпы улуттук жыйыны, Лоя Жиргада өткөөл өкмөттү куруу жараяны башталды. Талибан кыймылы кулагандан кийин бийликке келген Хамид Карзай кайрадан өлкөнү шайлоого чейин жетектей турган лидер болуп калды. «Мен жөнөкөй кишимин жана Ооганстандын жаранымын. Динди, көз карандысыздыкты коргоого, Ооганстандын бүткүл элине кызмат кылуу үчүн колдон келишинче аракеттенем», деди Хамид Карзай Ооганстандын өткөөл президенттигине шайланган соң.

Германияда, быйылкы шайлоонун натыйжасында өлкөнүн канцлери Герхард Шредер дагы бир мөөнөткө бийлигин сактап калды, бирок АКШнын нааразылыгын жаратты. Август айында, шайлоо кампаниясы кызыган кезде Шредер анын өлкөсү Иракка каршы ыктымал согушка катышпасын ачыктаган. «Ирак президенти Саддам Хусейнге кысым көргөзүү керекпи? Ооба! Биз өлкөгө эл аралык байкоочуларды жөнөтүүгө жөндөмдүү болушубуз абзел. Бирок, мен согуш жана аскерий кол салуу менен ойноп жаткандарга карата эскертүү гана бере алам. Мырзалар жана айымдар, биз ага катышпайбыз»,- деп айтты немец канцлери Герхард Шредер.

Сентябрь айында болсо АКШ президенти Буш БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп, Улуттар Уюмун Иракты массалык кыргын салуучу куралдардан арылуу жөнүндөгү талаптарга баш ийип, мурда кабыл алынган резолюцияларды аткаруусу үчүн мажбурлоого чакырды. Буш ошондой эле эгер БУУ Иракка каршы тура албаса, АКШ аскердик чара көрөрүн эскерткен.

«Биз коркунуч көбөйүп жаткан учурда эч нерсе кылбай коё албайбыз. Биз, биздин коопсуздук, адамзаттын туруктуу укуктары менен үмүтү үчүн турушубуз керек. Кошмо Штаттар ошол каршылыкты көргөзөт жана Улуттар Уюмунун мүчөлөрү, анын жасоо үчүн сиздерде да бийлик бар», деген АКШ президенти Буш Улуттар Уюмундагы сөзүндө.

Буштун сөзүнө жооп кылып, эртеси күнү Ирак тышкы иштер министри Нажи Сабри: «…ал Иракка каршы пропаганданы ашепке айтууда. Анда эч кандай далил жок, коомчулук соңку он эки жылдан бери жалаң эле айыптоолорду угуп келет. АКШ администрациясы Иракка каршы мындай айыптоолорду, ирактыктарды өлтүргөнүн актоо үчүн колдонуп жатат»,- деген болчу.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши узак талкуулардан кийин Ирак боюнча катаал резолюция кабыл алууга жетишти. Анын натыйжасында азыр өлкөдө эл аралык инспекторлор иштеп жатат.

Сентябрдын аягында Азербайджандын, Грузиянын жана Түркиянын президенттери Каспийдин мунайын Батыштын базарына чыгаруучу, Баку-Тбилиси–Жейхан куурунун курулушу башталганын белгилешти. Ал соңку сегиз жылкы сүйлөшүүлөрдүн аркасы менен ишке аша баштаган ири экономикалык долбоорлордун бири. Анда Азербайджан президенти Гейдар Алиев Бакунун чет жакасында болгон салтанатта сүйлөп:
«Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууруна каршы болгондор, дайыма мындай мүмкүн эмес, үмүт гана, Азербайджанда мынчалык көп мунай жок деп айтып келишти. Ушундай кептер арбын болду жана айырымдар буга ишенишкен. Бирок, алардын баары негизсиз экени көрүндү, биз өз ишибизди жасадык», -деп айткан.

Октябрь айында Москвадагы театралдык борбордо чечен согушкерлери 800дөй кишини барымтага алды. Барымта кризиси үч күндөн соң чечилип,118 адам курман болду. Аман калгандардын дээрлик баары Орусиянын коопсуздук кызматтары барымта кризисин чечүүгө багытталган операция учурунда колдонулган газдан запкы тартты.

Ноябрь айынын башында Түркиядагы парламенттик шайлоодо байыстуу-исламчыл «Адилеттүүлүк жана Өнүгүү» партиясы ишенимдүү жеңишке жетишти. Өзү жалгыз эле өкмөт кура алган бул партия эми саясатта исламчыл маанайды карманбашын ырастап, Түркияны Европа Биримдигине кошууну башкы максаттарынын бири катары эсептөөдө.

Ал эми ноябрдын орто ченинде НАТОнун Прагада өткөн саммитинде уюмга мүчө он тогуз өлкөнүн катарына кошулууга дагы жети мамлекет: Болгария, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения, Эстония чакырык алды.

Декабрь айында болсо Европа Биримдигинин чек арасы кеңейди. Уюмдун Копенгагенде болгон саммитинде Европа Биримдигинин катарына он мамлекетти: Кипр, Чехия, Венгрия, Латвия, Литва, Эстония, Мальта, Польша, Словакия, Словенияны кошуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул - уюмдун тарыхындагы эң ири кеңейүү. Евробиримдиктин учурдагы төрагасы, Даниянын премьер- министри Андерс Расмуссен саммитте, ондогон жылдар бою бөлүнүп калган Европа эми бириккенине токтолуп: «мен биздин жаңы мүчөлөргө, биздин үй-бүлөгө кош келиңиздер, деп чын жүрөктөн кайрылмакчымын! Биздин жаңы Европа көз жарды!», деп айтты.

Эми саясий лидерлердин чечими Европа Биримдигине мүчө 15 өлкөнүн парламенттери жана талапкер мамлекеттерде өткөрүлүүчү жалпы элдик референдумдарда жактырылышы керек. Эгер, баары ойдогудай аяктаса, алар Европа Биримдигине 2004-жылдын май айында кошулат.

XS
SM
MD
LG