Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Германияга чет элдик адистердин келишин жеңилдетүүчү мыйзамга өлкөнүн жогорку соту бөгөт койду.


БЕРЛИН. Германиянын жогорку соту өлкөгө чет элдик адисттердин келүүсүн жеңилдете турган мыйзамдын кабыл алынуусуна бөгөт койду. Сот мыйзамды кабыл алууда добуш берүү процедурасы бузулган деп эсептейт. Мыйзам чет элдиктердин саясий баш баана суроосун, өлкөдө жашоо жана иштөө укугун алуусун жеңилдетмек. Өкмөт январдын биринен баштап күчүнө кире турган мыйзам компьютер адисттеринин таңсыктыгын басаңдатып, өлкөнүн экономикасына жагыштуу таасир тийгизет деп эсептейт. Бирок консерваторлор мыйзам өлкөдөгү жумушсуздук маселесин ого бетер курчутат деп кооптонушат. Өлкөнүн президенти Йоханнес Рау мыйзамга июнь айында кол койгон, бирок мыйзамды кабыл алуу процедурасы конституциялык сот тарабынан текшерилүүгө тийиш деп билдирген.

XS
SM
MD
LG