Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Укук коргоо уюму АКШдан бытырама бомбаларды колдонууну токтотууну талап кылды.


ВАШИНГТОН. Укук коргоо уюму АКШдан бытырама бомбаларды колдонууну токтотуусун талап кылды. Бытырама бомба - ичинде жүздөгөн кичинекей бомбалары бар чоң курал, бирок анын ичиндеги майда бомбалардын айрымдары жарылбай калышы ыктымал. Укук коргоочулар жарылбай калган майда бомбалар жылдар бою жерде жата берип, жаңжал аяктагандан көп жыл өткөндөн кийин, кишилерди өлтүрүүгө кудуреттүү экенин айтышат. «Хьюман Райтс Уотчтун» айтымында, Ооганстандагы «Талибандын» турумдарын бомбалоонун учурунда Американын аскерлери өлкөгө 250 миңден ашуун бытырама бомба таштап, бул жөнөкөй кишилер менен балдардын жарат алуусуна себепкер болгон. Бытырама бомбалар 91-жылы Перс булуңундагы согушта колдонулган. «Хьюман Райтс» ал бомбаларды колдонууга тыйуу салынуусун көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG