Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Донор өлкөлөр Ооганстанга берилчү жардамды 2 миллиард долларга жеткире турганы маалым болду.


ОСЛО. Норвегиянын тышкы иштер министри Ослодо өтүп жаткан эл арлык конференцияда донор өлкөлөр келерки жылы Ооганстанга берилүүчү эл аралык жардамды 2 миллиард долларга жеткирүүнү чечишкенин билдирди. Ал эми ооган президенти Хамид Карзай өлкөдө майда террорчу топтор гана калганын, террорчулардын ири базалары жок кылынганын айтты. Анын аралыгында, Кабулда кечээ болгон жардырууга байланыштуу, Ооганстанда беш шектүү киши кармалды. Граната жардыруусунан эки америкалык солдат менен алардын котормочусу жарат алышкан. Ооган ички иштер министрлиги «окуя Кабулда террордук уюм бар экенин такстыктоодо» деп билдирет.

XS
SM
MD
LG